Ак-Таш айылын толугу менен кар басып калды. Элдин тамак-ашы түгөнүүдө

Жалал-Абад облусунун тоо этегиндеги Ак-Таш айылы калың жааган кардын айынан ири калктуу пункттардан бөлүнүп калды. Айылдын 200дөн ашык тургуну тамак-ашсыз калышы мүмкүн.

Жалал-Абад облусунун Ак-Таш айылында 13-февралдан бери кар жаап жатат, күрткүнүн калыңдыгы бир нече метрге жетти.

Жергиликтүү тургун Жанарбек Рысдөөлөтов Kloop.kg менен болгон маекте айылда суткасына 40-50 сантиметр кар жаап жатканын айтты.

«Биз эми карды ташый турган жерибиз деле калбай калды. Жердин баарына кар үйүлгөн. Карды эптеп дөбөгө эле түртүп койчу болдук», — деди ал.

Рысдөөлөтовдун айтымында, 200дөй тургун гуманитардык жардамга муктаж. Элдин сактап койгон тамак-ашы түгөнүп баратат.

«Дүкөндөрүбүздө ун эле калды. Жалаң ун жеген болмок беле? Ошондуктан айылдыктар Кыргызстандын элине жана биздин бийликке жардам сурап кайрылып жатат», — деди ал.

Рысдөөлөтов айыл тургундары туш болгон кыйынчылыктар тууралуу видео тартып, аны «Фэйсбукка» чыгарган.

Ошондон кийин ага жергиликтүү мамлекеттик органдардын кызматкерибиз деген адамдар чалып, «ызы-чуу кылып жалган маалымат бердиң» деп күнөөлөшкөн.

«Бирөө ӨКМдин Чаткал районундагы өкүлүмүн деп, мени "калпычы" деп, жөн жерден ызы-чуу кылып атканымды айтты. Кийинки күнү бир киши чалып өзүн милиция кызматкери катары тааныштырды. Ал "кимдир-бирөө келсе ошончо метр карды көрсөтө аласыңбы" деп сурады. Анан акимиаттанбыз деп чалышты. Алар да мени "калп маалымат таратып жатасың" деп айыпташты. […] Жашыруун номерлерден чалышты», — деди ал.

Рысдөөлөтовдүн айтымында, Чаткал районунун акими айылга 16-февралда келип, айылдыктар менен жолугушуу өткөргөн. Жергиликтүү тургундар ага өз көйгөйлөрүн айтып берип, жок дегенде сатыкка азык-түлүк жеткирип турууну суранышкан.

Айыл тургуну аким алардын көзүнчө бир таанышына чалып, керектүү товарлардын болжолдуу баасын санап бергенин айтты. Айыл тургундары аларды сатып алуудан баш тартышкан, анткени аларда акча жок.

«Биздин айыл дээрлик бүт эле жумушсуз да. Мектеп менен фельдшердик-акушердик пункттан башка жерде айылдыктар иштебейт. Акча жок, ошондуктан айылдыктар кандай азык-түлүк болсо да берип турууну суранып жатышат. […] Элде отун менен көмүр да түгөнгөнү калды», — деди ал.

ӨКМдин басма сөз кызматынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Элмира Шерипова Kloop.kg менен болгон маекте Рысдөөлөтовдун айылдагы абал тууралуу видеосун көргөнүн айтты. Анын айтымында, айыл тургундарына жардам көрсөтүү боюнча иштер жергиликтүү бийлик менен чогуу жасалышы керек.

«Жергиликтүү бийлик органдары айыл тургундарына кандай жардам керек экенин тактап, азык-түлүк менен камсыз кылуу маселесин өз алдынча чечиши керек», — деди ал.

ӨКМ 15-февралда Чаткал районунун акиминин кайрылуусуна байланыштуу «өзгөчө кырдаал» режимин киргизген. Бирок абалдын турукташканына байланыштуу бул режим 16-февралда эле алынган болчу.

Чаткал районунун акими жана айыл башчы менен комментарий алыш үчүн байланышуу мүмкүн болгон жок.

Видеосу: Айбол Кожомуратов


ТЕМА БОЮНЧА: