Ош облусунда кар көчкү үйлөрдү басып калды. Курман болгондор бар

Кар көчкү Ош облусунун Жаш-Тилек айылында эки үйдү, ал эми Кожокелең айылында бир үйдү басып калды. Эки бала жана бир аял курман болду. Бишкек-Ош жолу кар көчкүдөн улам 36 саатка жабылган.

Жекшемби күнү 19-февралда эртең мененки 5:30да кар көчкү Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылындагы эки үйдү толугу менен басып калган.

Бир үйдөн бардык алты кишини куткарып чыгууга мүмкүнчүлүк болуп, бирок экинчисинен алты адамдын төртүн гана куткарып кала алышкан. Көчкүнүн алдында эки бала калып калган.

«Балдардын сөөктөрүн жергиликтүү тургундар алып чыгышты, куткаруучулар окуя болгон жерге жете элек»,  деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматындагылар.

Саат 11де 3-класста окуган баланын сөөгү табылса, 11:40та кардын алдынан 4-класста окуган кыздын сөөгү таап чыгышкан.

Кырсык болгон жерге 30 адамдан турган куткаруучулар тобу барган. Алар жабыркагандарды райондук ооруканага алып барышкан. Кар көчкүдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө убактылуу турак-жай жана гуманитардык жардам берилген.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кабарлашынча, куткарылган он жашоочу аймактык ооруканага жаткырылган.

«Олуттуу травмалар жок, кичине кокустатып алгандар бар. Бирок алар коркуп калышкан», деди министр.

Куткарылгандардын абалы канааттандыраарлык, экөөсүнүкү — орто деңгээлде.

Кар көчкү, ошондой эле, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожокелең айылындагы бир үйдү басып калып, бир аял курман болгон.

Кардын көп жаашына байланыштуу өлкө боюнча бир нече кар көчкү катталып, Бишкек-Ош автожолунун 255 километринде машиналардын жол кыймылын токтотууга туура келген.

ӨКМ трассада бир жол кырсыгы болгонун билдирди. Жол кырсыгынан жабыркагандар тууралуу азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Транспорт министрлиги Бишкек-Ош жолун 36 саатка убактылуу жаап туруу боюнча билдирүү таратты.

Машиналардын кыймылына убактылуу чектөөлөр Сосвновка айылынан (Чүй облусу) тартып Арал постуна (Токтогул району, Жалал-Абад) чейин коюлган. Жолдун бул бөлүктөрүндө тамак-аш жана жылытуу пункттары ачылган.

ӨКМден билдиришкендей, мындай аба ырайы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында катталган.

Авторлошу: Айдай Эркебаева


ТЕМА БОЮНЧА: