NASA сууга жана тыгыз атмосферага ээ болушу мүмкүн болгон жети планета тапты. Алар жерден анча алыс эмес — болжол менен 40 жарык жыл аралыгында же 378 триллион чакырым алыстыкта жайгашкан. Ошого карабастан, бул биз жерден тышкары жактагы жашоону таптык деген сөз эмес.
1Эмне болду?
NASA Күн системасынын чегинен тышкары жаңы планеталарды тапты.
Күн системасынан 40 жарык жыл аралыкта TRAPPIST-1 жылдызы табылды, анын тегерегинде жети экзопланета (Күндүн тегерегинде айланбаган бардык планеталарды ушинтип айтышат) айланып жүрөт.
Европалык астрономдор бул ачылышты америкалык окумуштуулар менен бирге жасашкан, анын жыйынтыктары илимий рецензиялануучу «Nature» журналында жарыяланган.
2Мунун эмнеси маанилүү?
Аларда жашоо болушу мүмкүн.
Жети планетанын үчөөндө Жердегидей шарттар болушу мүмкүн. Башкача айтканда алар кыйла тыгыз атмосферасы жана жетиштүү суусу болушу ыктымал.
TRAPPIST-1 жылдызы Күнгө караганда 6500 эсе начар жарык бергенине карабастан, ал планеталарга жетиштүү жылуулук берет. Үч планетада атмосфералардын температуралары Жердеги амплитуданын чегинде болушу ажеп эмес.
Анткени жети планета тең Меркурийден Күнгө чейинки аралыкка салыштырмалуу өз жылдызына жакын жайгашкан.
Эгерде бул планеталарда чын эле суу, тыгыз атмосфера жана тиешелүү температура болсо, ал жакта жашоо, анын ичинде аң-сезимдүү жашоо да өнүгүшү мүмкүн болчу.
Космос агенттигинин администратору Томас Цурбухен белгилегендей, «"Биз [Ааламда] жалгызбызбы?” деген суроого жооп берүү — илимдин башкы максаты». Жаңы планеталарды ачуу — бул максатты көздөй ташталган дагы бир кадам.
3Алар муну кантип жасашты?
Жылдыздардын жарыгына байкоо жүргүзүү аркылуу.
Жылдыздардан айырмаланып, планеталар жарык чачпайт. Бул болсо Жердеги телескоптор аларды түздөн-түз байкай албайт деген сөз. Андыктан экзопланеталарды издөөдө илимпоздор «астрономиялык транзит» кубулушун колдонушат, бул изилдөө да андай ыкмадан четте калган эмес.
Астрономдор TRAPPIST-1дин жарыгын байкап, анын бетинде так ошол астрономиялык транзиттен өтүп жаткан планеталардын көлөкөсү түшүп турган учурларды каттап турушкан.
Ал маалыматтардын негизинде окумуштуулар ар бир планетанын көлөмүн жана өлчөмүн эсептеп чыгышкан. Андан кийин алар планеталардын болжолдуу массасы менен тыгыздыгын түкшүмөлдөп, анын негизинде алардын алтоонун бети аскалуу деген жыйынтыкка келишти. Жетинчи планета калың муз менен эле капталган болуш керек дешет.
440 жарык жылы — бул канчалык алыс?
Абдан жакын жана ошол эле учурда өтө алыс.
40 жарык жылы — бул Жерден 378 триллион чакырым алыс. Ошого карабастан, Ааламдын масштабында бул кенедей эле аралык.
Мисалы, Күнгө эң жакын жайгашкан Проксима Центавра жылдызы бизден төрт жарык жылындай аралыкта турат. Бирок биздин Саманчынын Жолу аттуу галактикабыздын диаметри 100 миң жарык жылына барабар.
Жердеги көнүмүш космос кемеси TRAPPIST-1ге жетиши үчүн жүздөгөн жылдар керек болот. Ошого карабастан, жылдыздын биздин системага жакындыгы айрым бир жеңилдиктерди берет — эгерде бул жылдыз Жерден алысыраак турса, анын жарыгынын күчү талдоого жарабай калмак.
5Дагы эмне кеп?
Кубаттуу телескоп.
Азыр планеталар астрономиялык транзит кубулушуна негизделип табылып жатса да, NASA көрүнө турган жарык чачпаган асман бөлүктөрүн атайын изилдеш үчүн жер орбитасында Жеймс Вебб телескобун орнотуп жаткан кези.
Асман бөлүктөрүн изилдеш үчүн пайдаланылган азыркы телескоптордун көбү жарык толкундарын талдашат. Веббдин телескобунун негизги айырмачылыгы — ал инфракызыл жарыкты тутуп калганында. Ошонун шарапаты менен астрономдор экзопланеталардын атмосфераларынын курамын түз иликтеп, демек суунун изин да издей алышат.
Жеймс Веббдин телескобу 2018-жылдын аягында орбитага жөнөтүлөт. 2019-жылдын жазынан тартып эле астрономдор аны изилдөө иштери үчүн пайдалана алышат.
6Мен мындай жаңылыктарды мурда көрсөм керек эле. Журналисттер кайра баарын ашыра баалап жибериштиби?
Ооба жана жок.
TRAPPIST-1дин тегерегинде айланып жүргөн үч экзопланета чынында да мурун эле белгилүү болчу. Белгиялык окумуштуулар бул жылдызды жана жети планетанын үчөөнү 2016-жылы биринчи жолу байкашкан.
Окумуштуулардын акыркы изилдөөсүндөгү негизги жаңылык — бул планеталардын мүнөзүн алда канча кеңири талдоо жана алар Жерге окшош болушу мүмкүн деген жыйынтык.
Ошентсе да бул асман бөлүктөрү — адамзатка белгилүү жападан жалгыз экзопланеталар эмес. Жалпысынан бизге Күн системасынын чегинен тышкары 3400дөй башка планеталар белгилүү.