Өзбекстан: Ферганадагы химиялык цехте жарылуу болду. ӨКМ курмандыктар бар экенин билдирүүдө

Өзбекстандын чыгыш жагындагы «Ферганаазот» аммиак цехинде 23-февраль күнү кечинде жарылуу болду. Өлкөнүн ӨКМи курмандыктар бар экенин билдирди, бирок алардын санын айткан жок.

ӨКМдин маалыматтары боюнча аммиак цехинде «оңдоо-монтаж иштери» жүрүп жатканда кечки 16:30га жакын жарылуу болгон.

ӨКМ азырынча курмандыктардын так санын айта элек, бирок мерт болгондор бар экенин билдирүүдө.

Өзбекстандын өкмөтү жарылуунун себептерин аныктап, жабыркагандарга жардам көрсөтө турган комиссия түздү.

«Ферганаазот» жер семирткич жана башка химиялык өндүрүмдөр чыгарат. Анын акцияларынын дээрлик төрттөн үч бөлүгү мамлекетке таандык, калгандарына дээрлик толугу менен «Узкимесаноат» акционердик компаниясы ээлик кылат.

Акыркы жолу Өзбекстандын ишканаларындагы жарылуу жөнүндө 2016-жылдын августунда «Regnum» маалымат агенттиги билдирген.

Анда каймак май чыгарган заводдогу бир катар жарылуулардан бир киши жабыркаган болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: