«Милиция дагы Зайналиевдин клиникасын жаба албай жатат». Эмнеге табыптын бейтаптары өлүп жатат?

«Бирге ракка каршы» фондунун башчысы табып Хашим Зайналиевдин колунда дарыланып жаткан дагы бир бейтаптын каза болгонун айтып чыкты. Саламаттык сактоо министрлиги табыптын клиникасын жабуу боюнча чечимге таасир эте албасын билдирүүдө. Милиция болсо дагы эле иликтөө иштерин жүргүзүп, иш азырынча сотко өткөрүлө элек.

Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) Зайналиевдин иши боюнча бардык материалдарды Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Министрлик табыптын 2016-жылдын октябрынан берки «мыйзамсыз дарылоосу» менен күрөшүп жатат. Анда Зайналиев бир бейтап аялдын көкүрөк безин наркозу жок кесип салгандыктан улам ал каза болуп, табыпка карата кылмыш иши козголгон.

Бирок козголгон ишке жана ССМ тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштерине карабастан табып эмгиче өз ишмердүүлүгүн улантып келүүдө.

Бейтап көз жумду

«Бирге ракка каршы» фондунун башчысы Гүлмира Абдразакова 2016-жылдын декабрынан бери Зайналиевдин колунда дарыланган аялга жардам берип келгенин айтты. Абдразакованын сөзү боюнча, ал аял табыпка көкүрөк рагы менен кайрылган.

Табып бейтап аялдын көкүрөгүнө ийне сайганына байланыштуу анда шишик пайда боло баштаган.

«Качан ал онкологияга келгенде ага химия кылаарын айтышыптыр. Ал коркуп кетип, Зайналиевге барыптыр. Ал болсо анын көкүрөгүнө ийне сайып, бул детонация берди окшойт, анткени анын көкүрөгү чоңоё баштады. Андан кийин баары колуна өтүп, жара чыга баштады. Ого бетер катуу ооруп калды», — деди фонддун башчысы.

Анын айтымында, бейтап аял айыга албай, Жаңы жылдан кийин табыптын колунда бир нече апта жаткан соң көз жумган.

«Эгер ал жардам бере албасын билсе, анда эмне үчүн андан акча алды? Мен ал аялды онкологияда маммологго алып барып, аны көргөндө үрөй учту. Анын колу аябай шишип кетиптир, көкүрөгү өтө начар абалда экен. Ал өзүн аябай начар сезип, баса албай калыптыр, колун да карматпай жатты. Маммолог, качан көргөндө, дарылоо пайдасыз экенин түшүнгөн», — деди Абдразакова.

Зайналиевдин колунда дарыланган Бейшенбек Бекешовдун белгилешинче, табыптын клиникасында эч ким курман болгон эмес.

Анын пикиринде, каза болгон аялдын өлүмүнө химиотерапиядан өткөн онкологиялык оорукана күнөөлүү. Бекешов онкологияны онкобейтаптардын акчасын «уурдаган» «мафия» деп атады.

Бейшенбек Бекешов менен Хашим Зайналиев (оңдо).

«Онкологдор аялды Хашим өлтүрдү деп айтып атышат. Өзү чындыгында алар өздөрү өлтүрүп алышып, бизди өлтүрдү деп атышат. Адамдын өлүп атканын билип туруп онкомафиялар адамдардын эч нерсесин калтырбай уурдап атышат. Бир эле химиотерапия 50 миң сом турат. Алардын бизнеси жүрбөй, ошондуктан мунун баарын алар уюштуруп жатышат», — деп эсептейт Бекешов.

Муну менен катар ССМ иликтөө иштерин жүргүзүп аныктап чыгышкандай, 2016-жылдын июнунан сентябрь айларына чейин Зайналиев болжолдуу 1 миллион сом (болжолдуу 15 000 доллар) иштеп тапкан.

Клиниканы жаба албай жатат

ССМдин медициналык кызматтарды лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулованын айтымында, министрликтин кайрылуусуна карабастан милиция табыптын клиникасын жаба албай жатат.

«Бул мекемени жабуу биздин жоопкерчилигибизге кирбейт, атүгүл укук коргоо органдары да муну кыла албай жатышат. Мындай мекемелерди жабуу бир гана соттун чечими менен ишке ашат, бирок бул иш сотко жетпей жатат, анткени жабыр тарткан тарап арыздарын кайтарып алууда», — деп кабарлады Арзыкулова.

Ишти тездетиш үчүн ал ССМ өз алдынча кызматтык иликтөө иштерин жүргүзгөнүн да белгилеп өттү.

«Биз кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп, процессти тездетиш үчүн бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп бердик», — деди Арзыкулова.

Бишкек ШИИБ басма сөз катчысы Олжобай Казабаевдин Kloop.kgге билдиришинче, иш сотко өткөрүлүп бериле элек. Иликтөө иштери дагы эле жүрүүдө.

«Тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Жакын арада бүтүрүп сотко өткөрүп беребиз», — деди Казабаев.

Зайналиевдин ишмердүүлүгү коомчулукка 2016-жылдын сентябрында белгилүү болгон. Анда ага каршы «мыйзамсыз дарылоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин анын клиникасында көкүрөк безинин өсмөсү менен ооруган бейтап аялдардын бири көз жумган. Табып анын көкүрөгүн наркозу жок кесип салууга аракет кылып, андан кийин жетип келген «тез жардам» аялдын өлүмүн каттаган.

Зайналиев өзү аялдын туугандары анын көкүрөгүн кесип салууну өтүнүшкөнүн, ал буга бир топтон кийин макул болгонун айткан.

Саламаттык сактоо министрлиги милиция менен кошо ноябрдын аягында табыптын клиникасын жапканга аракет кылган, бирок ал учурда анын колунан дарыланып жаткан 16 кишинин баары Улуттук онкологиялык борборго которулуудан баш тартышкан.

Табып дарылоонун «өзгөчө» ыкмалары менен белгилүү. Зайналиев чөптөрдү пайдаланып, онкологиялык оорусу бар аялдардын жатынына ийне саят.

Зайналиев ижарага алып «дарылоо» үчүн пайдаланып жаткан имараттын ээси келишимдин мөөнөтү бүткөнүн айткан. Анда табып дагы 2017-жылдын 1-январынан клиника жабылаарын билдирген.

Бирок кийинчерээк ал жаңы имаратка көчүп чыгып, ишмердүүлүгүн улантууда.

Авторлошу: Нуржамал Жанибекова


ТЕМА БОЮНЧА: