Депутаттар «Блогерлер жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкуудан алып салышты, бирок идеяны «иштеп бүтүрүүгө» убада беришти

Депутат Алтынай Өмүрбекова «Блогерлер жөнүндө» мыйзам долбоору коомчулукта болгон кеп-сөздөн улам коомдук талкуудан алынып салынганын билдирди. Мыйзам долбоорунда интернет пайдалануучулар үчүн эрежелердин тизмеси бар эле, алардын арасында сөгүнүүгө тыюу салуу, жекече маалыматтарын көрсөтүү жана «такталган» маалыматты көрсөтүү милдети бар болчу. Алар сакталбаса колдонуучулар беш миңден он миң сомго чейин штраф тартышмак.

«Блогерлер жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыккан «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова Kloop.kgге «Блогерлер жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынып салынганын билдирди.

«Адамдардын пикирин эске алып, биз, демилгечилер бул мыйзам долбоорун коомдук талкуудан алып салууну чечтик. Эл мыйзам долбоору Кыргызстанда сөз эркиндигин чектейт деп түшүнүп алды. Биз аны эч каалаган эмеспиз. Бирок биз кайсы бир нерселерди жетишсиз ачык жазганыбызды эске алып, коомчулук бул мыйзам долбоорун ушундай кабыл алды», — деди ал.

Өмүрбекованын айтымында, мыйзам долбоорунун негизги идеясы маалымат талаасын «жалган маалыматтан» сактоо болгон.

«Фейк аккаунттар көбөйүп кетти, мен ар бир фейк аккаунттун артында тирүү адам турушу керек, аны менен интернеттен тышкары баарлашса болот деп эсептейм. Кайсы бир маалымат чыгып кетип, анан кимдир бирөөнү жоопко тартыш керек болгондо фейктин артында эч ким жок болуп чыккан учурлар толтура да», — деди ал.

Өмүрбекова депутаттар өз идеясын «иштеп бүтүргүсү» келип жатканын кошумчалады.

«Биз кантсе да муну мындан ары деле талкуулагыбыз келет. Эгерде биз муну мыйзам менен жөнгө сала албасак, анда биздин жаш муундар көргөнгө эртелик кылган ар кандай маалыматтан аларды сактап калыш үчүн муну кандай формалсыз эрежелер менен жасасак болоорун ойлонуп көрүшүбүз керек. Тема ачык, биз талкууга даярбыз», — деди ал.

Мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынып салынганы активист жана «Республика ― Ата-Журт» партиясынын мүчөсү Айбек Баратовдун фэйсбукта жазганынан улам белгилүү болду. 6-мартта эртең менен ал өз барагында мыйзам долбоорун демилгечилер менен талкуулаганы парламентке баратканын жазган.

Баратовдун айтымында, мыйзам долбоорун коомдук талкуудан алып салууга адамдардын ага каршы чыга баштаганы себеп болду.

«Бул теманы дароо эле талкуулай башташкан блогерлер менен интернет колдонуучулардын жигердүүлүгүнө баа бериш керек. Башында мен да бул мыйзам долбооруна каршы чыккам, анткени интернет — бул өзүн өзү жөнгө салуучу чөйрө жана ал жакка киришип кереги жок», — деп түшүндүрдү ал.

«Блогерлер» үчүн тизме

Депутаттар «блогерлердин» ― күнүнө барагына 1000 же андан көп колдонуучу кирген интернет колдонуучулардын тизмесин түзүүнү сунуш кылышкан.

Парламенттегилер «блогерлерди» никнеймдердин ордуна чыныгы аты-жөнүн көрсөтүүгө, ошондой эле түйндө жарыяланып жаткан кайсы гана маалыматты болбосун текшерүүгө, сөгүнгөн сөздөрдү колдонуудан баш тартууга жана башка көп нерселерге милдеттендиргиси келишкен. Эрежелерди сактабагандарга 5 миңден 100 миң сомго чейин штраф салуу сунуш кылынган.

Интернетте барактарды жана блогдорду атайын мамлекеттик орган байкап отурмак, бирок депутаттар кайсы орган экенин көрсөтүшкөн эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: