Түндүк Корея Жапония тарапка төрт баллистикалык ракета учурду

Түндүк Корея Жапония тарапка баллистикалык ракеталарды учурду. Төрт ракетанын үчөө деңизге, Жапониянын өзгөчө экономикалык зонасынын аймагына түштү, төртүнчүсү эмне болгону белгисиз.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Жапония тарапка Кытай чек арасына жакын жердеги Тончхан полигонунан 6-мартта эртең менен төрт баллистикалык ракета учурулду.

Алардын үчөө Жапон экономикалык зонасындагы деңиз аймагына түштү, төртүнчү ракета эмне болгону белгисиз.

Жапон өкмөтү Улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чогултту. Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ ракеталарга байланышкан зыян тууралуу кабар келбегенин билдирди.

«Бул биздин өлкөнүн коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч, биз Түндүк Кореянын мындай аракеттерин чечкиндүү айыптайбыз»,— деди ал.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги бул АКШнын аймагына учуп жете ала турган жаңы типтеги континент аралык ракеталар болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт.

Мурда БУУ Түндүк Кореянын бийлигине ракеталык жана өзөктүк сыноолорду өткөрүүгө тыюу салган, бирок ал аны тоготкон жок.

Ракеталарды учуруу Түштүк Кореяда АКШ менен биргелешкен ири масштабдуу аскердик машыгуу жүрүп жаткан учурга туш келип жатат. Машгуунун максаты — Түндүк Корея тараптан болушу мүмкүн болгон баскынчылык аракеттерге Түштүк Корея менен АКШнын даярдыгын текшерүү. Буга жооп иретинде Пхеньян «олуттуу чара көрөөрүн» эскерткен.

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2016-жылы Пхеньян 24 баллистикалык ракета учурган.

Түндүк Кореянын ракетасы акыркы жолу 12-февралда учурулган, ал да Жапо деңизине түшкөн болчу. Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын ракета атууну ийгиликтүү деп баалап, анын аскерлери Американын жээгине учуп жете ала турган баллистикалык ракета чыгарууга жакындап калышканын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: