Текебаевдин адвокаттары анын камалышына каршы 9-мартта даттанышат

Камакка алынган оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары анын камакка алынышына каршы Бишкек шаардык сотуна 9-мартта даттанышат. Биринчи май райондук соту Текебаевди эки айга камакка алган.

«Ата Мекен» партиясынын катчылыгы Kloop.kgге адвокат Чолпон Жакупбекова кардарынын баш коргоо чарасы эркинен ажыратуу менен байланышпашын талап кылаарын билдирди. Жакупбекова Бишкек шаардык сотуна 28-февралда апелляция берген.

Текебаев 26-февралга караган түнү «Манас» аба майданында кармалган. Андан бир күн мурун орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынан улам депутатка каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ишкер 2010-жылы Текебаевдин өзүнө ал «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн бир миллион доллар бергенин айткан.

Текебаев өзүнө коюлган дооматтардын баарын четке кагып, өзүнүн кармалышын азыркы бийликтин оппозицияга каршы «саясий куугунтугу» деп эсептейт.

Оппозициячы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратына жеткирилген соң анын тарапкерлери митингге чыгышкан.

Оппозициянын нааразылыгына карабастан, Биринчи май райондук соту Текебаевди эки айга камакка алган. Азыр оппозициячы УКМКнын ТИЗОсунда отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: