УКМКнын кызматкери курчоодо турган милиция кызматкерин койдуруп кетип, иликтөө башталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери Бишкекте Чынгыз Айтматов проспектинде турган милиция кызматкерин койдуруп кетти. УКМК кызматтык иликтөө баштады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери Бишкекте АКШ элчилигинин жанында Чынгыз Айтматов проспектинде (мурдагы Манас проспекти) турган милиция кызматкерин 6-мартта автоунаасы менен койдуруп кетти.

Милициянын курчоосу Евразия экономикалык биримдигинин отурумуна байланыштуу бүт проспект боюнча коюлган.

«Knews» маалымат агенттигинин кабарына караганда экспертиза УКМКнын кызматкери мас болгонун көрсөткөн. Милиция «Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Азыр УКМКнын кызматкери убактылуу кармоо изоляторуна камалды.

«Милиция кызматкери ар кандай жаракаттары менен ооруканага жаткырылды», — деп билдирди милиция.

Бишкек ШИИБ автоунаа койдуруп кеткен милиция кызматкери Бишкектин Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкери болгонун кабарлады.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда бул боюнча катуу чара көрүлөт.

Иллюстративдик маанидеги сүрөт, «Заноза»