«Бир жолу мени ала качып кетишти…» — үй-бүлө куруш үчүн жигиттер ала качып кетишкени жана анын эмне менен бүткөнү тууралуу кыргыз кыздарынын беш окуясы. Бул чыгарылышта — 29 жаштагы Назиктин окуясы.
Долбоордун автору жана сүрөтчү: Татьяна Зеленская. Монтажы жана анимациясы: Егор Танков. Төмөндөгү баян автордун атынан жүргүзүлөт.
Назиктин окуясы өз атын айтуудан корккон менин бир таанышымдын айтып бергендерине негизделген. Ал бул окуядан аны кимдир бирөө таанышын каалабайт, ошондуктан мен анын атын эле эмес, сюжетке таасир эткен айрым жагдайларын да өзгөртүп салдым.
Анын окуясы «кыздарды Кыргызстандын алыскы айылдарында гана ала качышат, мисалы Бишкекте андай болбойт» деген өңдүү кеңири тараган пикирди жокко чыгарат.
Ала качууга чейин Назик ала качкан кишинин үйүндө эч качан калбай тургандыгын айтып, ошондой ынаным менен чоңойгон. Ал туугандары эмнеси болсо да ага болушуп, колдой тургандыгына ишенчү.
Бирок ала качуудан кийин ал «жаңы» үй-бүлөдө өз ата-энесинин «чыккынчылыгынан» улам калып калган — алар кызына болушпай эле, ала качуу баштан өткөн соң ошол үйдө кала бериши керек экенин айтышкан.
Таң каларлык жери — кээде ала качууга аялдар да катышат. Бул аскердеги чоңсунууга окшош, «мына мен өз убагымда азап тарттым эле, эми сенин деле башыңдан өтсүн» дегендей.
Менин роликтерим аялдар көп нерсени өзгөртө алаарын, алар ала качууга салым кошпошу керек экенин көрсөтүп турат.
«Ала качуу»
Кыргызстан кыздарды үй-бүлө куруш үчүн ала качуу жагынан дүйнөдөгү эң мүшкүлү көп өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Күн сайын өлкө боюнча 10дон 30га чейин кыз ала качууга туш болуп, көпчүлүгү уят болуудан же улуулардын нааразылыгынан коркуп ала качкан жигитке турмушка чыгууга мажбур болушат.
Ала качуу кыргыз үй-бүлөлөрүн кантип бузууда?
Акыйкатчы институтунун 2014-жылдагы расмий маалыматына ылайык, жыл сайын Кыргызстанда 8000 кыз ала качууга туш болуп, алардын 20 пайызы гана ала качкан жигит менен турмуш куруудан баш тартышат.
Аялдардн укуктарын коргоо жаатындагы эксперттер кыздардын «жаңы» үй-бүлөлөрдө калышынын негизги себеби — улуулардын басымы деп эсептешет.
Никеге туруш үчүн кыз ала качуу Кылмыш кодексине түзөтүүлөр киргизилген 2012-жылдын декабрынан тартып кылмыш жообуна тарта турган иш болуп калган. Андан бери кыз ала качуу үчүн 7 жылга эркинен ажыратуу каралып келет. Бирок андан бери бүтүндөй 2015-жыл болгону 25 кылмыш иши козголгон.