Сергей Прокудин-Горский — Николай IIнин тапшырмасы менен Орус империясынын жерлерин тартып жүргөн түстүү фотосүрөттүн баштоочусу. Башка нерселер менен катар ал тасмага революцияга чейинки Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды да тартып калтырган.
Прокудин-Горский император Николай IIнин тапшырмасы менен 1905-жылы Орусия боюнча алгачкы саякатка чыгып, анын жүрүшүндө Кавказдан, Крымдан жана Малороссиядан 400гө жакын түстүү фотосүрөт тартып келген.
Анын сүрөттөрү ошол учур үчүн өзгөчө болчу: өз экспедицияларынан ал ак-кара түстөгү эмес, түстүү сүрөттөрдү алып келген. Прокудин-Горский буга негативдерди бири бирине кабаттоо ыкмасы аркылуу жетишкен. Бул жаңычыл ыкма болчу — орус саякатчысы түстүү фотосүрөттүн баштоочуларынын бири болуп эсептелет.
1908-жылдын май айында анын экинчи саякаты башталган. Сүрөтчү Түндүк Кавказга жөнөгөн. Ошого карабастан, мезгил-мезгили менен Романовдордун үй-бүлөсүнүн турмушун документтештириш үчүн Москва менен Санкт-Петербургга кайрылып турган.
Ошол эле жылы Прокудин-Горский Ясная Полянада Лев Толстойдун бир нече түстүү сүрөтүн чыгарган. Ал жазуучунун биринчи жана бирден бир түстүү сүрөтү.
1905 жана 1915-жылдар аралыгында сүрөтчү Орус империясынын Борбор Азиядагы ээликтерине бир нече жолу экспедицияга барган. Ошол учурда анын курамына Ош, Самаркан, Ташкен, Кокон, Анжиян жана башка ири шаарлар менен аймактар кирип турган.
Прокудиндин сакталып калган сүрөттөрүнүн баары АКШ Конгрессинин китепканасында сакталып турат. Фотосүрөтчүнүн коллекциясына мурдагы Орус империясынын ондогон шаарларында тартылган сүрөттөрү да кирди.
Авторлору: Александра Титова, Азамат Өмүралиев Сүрөттөрдүн булагы:Конгресстин китепканасы Оңдолгон сүрөттөрдүн булагы:Mashable