Бишкекте оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин кезектеги митинги болду. Митингчилер депутатты үй камагына чыгарууну суранышкан адвокаттардын кайрылуусу боюнча соттун чечимин күтүп жатышты. Сот аны эки айга камакка алуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды.

Камакка алынган оппозициячы, парламенттеги «Ата Мекендин» депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Бишкек шаардык сотунун алдына митингге чыгышты.

Текебаев анын адвокаттарынын кайрылуусун караш үчүн сотко жеткирилиши керек болчу. Алар Текебаевдин баш коргоо чарасын камакка алуудан үй камагына алмаштырууну талап кылышкан.

Депутат Аида Салянова.

Митиндин айынан отурум мурдагы Аскердик соттун имаратына көчүрүлдү.

Ошондуктан митингдегилер саясатчыны бошотууну талап кылып Ала-Тоо аянтына жөнөштү.

Митингдегилердин колунда: «Текебаев — элдик президент», «Текебаевге боштондук» жана «Президентке импичмент» деген плакаттар турду.

Нааразылык акциясына «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын депутаттары Аида Салянова, Садык Шер-Нияз, Наталья Никитенко жана Алмамбет Шыкмаматов да чыгышты.

«Эгерде биз Текебаевди отургузуп коюуга жол берсек, андан кийин өз пикирин айткан кишинин баарын камай башташат. Өлкөнүн экономикасы очорулуп турат. Биз сыймыктана ала турган бирден-бир жетишкендигибиз — бул сөз эркиндиги», — деди Шыкмаматов.

Депутат Садык Шер-Нияз.

Депутаттардан тышкары, митингчилердин алдына активисттер Асия Сасыкбаева менен Рита Карасартова да чыгышты.

«Биз бүгүн Текебаев үчүн эле чогулганыбыз жок. Бүгүн өлкөбүз зор тандоо алдында турат. Же биз эл өз пикирин эркин айткан өлкөдө жашайбыз, же адамдар куйругун түйүп унчукпай турган өлкөдө жашайбыз», — деди Карасартова.

Активист Өндүрүш Токтонасыров.

Митингге пикеттерге жалгыз чыгып жүргөнү менен белгилүү активист Өндүрүш Токтонасыров да катышты. Анын айтымында, өз позициясын билдириш үчүн тынч чогулуштар жетишсиздик кылат. Ал кескин кадамдарга барууга — ачкачылык жарыялоого же Ала-Тоо аянтында отуруп алып акция баштоого даяр экенин билдирди.

Кечки саат беште митингдегилер аянттан чыгып, Текебаевдин адвокаттарынын кайрылуусу каралып бүткөн мурдагы Аскердик соттун имаратына барышты.

Митингдин катышуучуларына Чынара Жакупбекова чыгып, сот оппозициячынын баш коргоо чарасын өзгөртпөстөн, эки айга камакка алууну күчүндө калтырганын айтты. Андан кийин митингдегилер тарап кетишти.

Сүрөт: Даниль Усманов


ТЕМА БОЮНЧА: