Ысык-Көл: Меценат Балыкчыда гемодиализ борборун ачты

Ысык-Көл облусунда меценат гемодиализ борборун ачты. Эми бейтаптар Бишкекке келбей эле Балыкчыда дарылана алышат. Борборду Балыкчы аймактык оорукананы балансына өткөрүп берүү пландалууда.

Жергиликтүү ишкер гемодиализ борборунун курулушуна жана жабдылышына он миллион сом бөлүп берген.

Мурда Ысык-Көл облусунда «өнөкөт бөйрөк ооруларына» чалдыккандарга дарыланыш үчүн Бишкекке келүүгө туура келген.

Меценат борборду кайтарымсыз түрдө биринчи муниципалитеттин менчигине, андан кийин Балыкчы аймактык ооруканасынын балансына өткөрүп берүүнү пландап жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бирдиктүү республикалык реестрде гемодиализге өтө муктаж болгон 1389 бейтап каттоодо турат. Алардын 27си өз алдынча акча төлөп жеке ооруканаларда дарыланып жатат.

Мамлекеттик ооруканаларда 82 гемодиализ жабдыгы менен болгону сегиз «жасалма бөйрөк» бөлүм бар.

Балыкчы шаарында 16 адам «өнөкөт бөйрөк оорусу» менен каттоодо турат.


ТЕМА БОЮНЧА: