Милиция ардагерди тоноо боюнча эки шектүү кишини кармады. Тонолгон акчанын жарымы табылды

Улуу Ата Мекендик согуштун 91 жаштагы ардагери Леонид Тузовду тоноп кетти деген шектенүү менен эки аял кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна камалды. Алардан жабыркаган кишинин акчасы, ордендери менен планшети табылды.

Кармалгандар Бишкекте жашаган 45 жаштагы аял жана 18 жаштагы кыз болуп чыкты.

Шектүүлөрдүн үйүнөн Тузовдон алынган Улуу Ата Мекендик согуштун убагындагы 24 орден-медаль, 90 миң сом, планшет, эки портмоне жана ар кайсы өлкөнүн ар кандай номиналындагы 12 монета табылды. Алардан ардагердин жеке буюмдары — күрмөсү менен бут кийими да чыкты.

Милиция «Каракчылык кол салуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган аялдар убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Алар жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Шектүүлөр кармалганын билген соң ардагердин үй-бүлөсү Леонид Тузов үчүн ыктыярчылар баштаган акча чогултуу ишин токтотууну суранды. Бир сутка ичинде ардагердин эсебине дээрлик 24 миң сом түшкөн.

Ардагердин батири 13-мартта эртең менен тонолгон. Анын эшигин орто жаштагы аял такылдаткан. Ал кош бойлуу экенин айтып, дааратканага кирип алууну суранган. Тузов аны үйгө кое бергенде артынан дагы бир аял кирип келген.

Тузов кош бойлуумун деген аялды дааратканага узатып баратканда экинчисин байкаган. Белгисиз кыз ардагерге артынан кол салып, коркутуп, бөлмөгө киришин талап кылган.

Аялдар ардагерди галстук менен байлап салып, аны диванга жаткырып, акча каякта экенин айтууну талап кылышкан. Тузов акчасы жок экенин айткан. Андан кийин аялдар батирди тинтип киришкен.

Кармалгандар ардагердин жүрөккө операция жасатыш үчүн жыйнап жүргөн 182 миң сомун таап алышкан — ал акча ага кардиостимулятор койдуруш үчүн керек болгон экен. Алар анын планшетин, телефонун, Улуу Ата Мекендик согуштун орден-медалдарын тартып алышкан. Тонолгон буюмдарды алган аялдар изин жашырып кетишкен.

Кийинчерээк Леонид Тузов бошонуп, көчөгө чыгып, элди жардамга чакырууга жараган.


ТЕМА БОЮНЧА: