Депутаттар айбанаттарды атууга тыюу салууну четке кагышты

Депутаттар «Аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун колдошкон жок. Алар мындай кадам мамлекетке чыгаша алып келип, браконьерликти пайда кылат деп эсептешет.

56 киши мораторийге каршы чыгып, аны 52 депутат колдоду.

Ошентип парламент аңчылыкка тыюу салууну четке какты. Мыйзам долбоорунун авторлору айбанаттарды атууга 2030-жылга чейин тыюу салууну көздөшкөн.

Депутат Кожобек Рыспаев аңчылыкка мораторий жарыялоого каршы чыкты.

Мыйзам долбооруна каршы чыккандар аңчылыкка тыюу салуу өлкөдөгү браконьерлик маселесин чечпей эле, көйгөйдү күчөтөт деп эсептешет.

«Мораторий менен биз эч нерсе чечпейбиз. Чектөөлөргө кылдат мамиле кылыш керек. Тыюу салбастан, көзөмөлдү күчөтүш керек», — деди КСДПын депутаты Кожобек Рыспаев.

Парламенттегилер аңчылыкка лицензия сатуу өлкө бюджетине олуттуу салым кошот деп эсептешет.

Мергенчи атып алган аркары менен мактанууда. Кыргызстан. Сүрөт: guns.allzip.org.

Кызыл китепке кирген айрым айбанаттарды атууга лицензиянын баасы 400 миң сомдон ашат. Мисалы аркар атуунун баасы 450 миң сом турат.

Жылыга мамлекет аркар атууга 70 лицензия бөлөт. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин маалыматына караганда, аркар атууга бөлүнгөн 70 лицензиянын баары сатылат. Андан түшкөн сумма 26 миллион 550 миң сомду түзөт.

Депутаттар бул мыйзамды кабыл алуу мергенчилик чарбаларынын жабылышына алып келмек деп эсептешет.

Мыйзам долбоору өлкөдөгү айбанаттардын ар түрдүүлүгүн арттырыш үчүн иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорун негиздеген маалымкатта акыркы жылдары жапайы айбанаттардын саны кыйла азайып кеткени, ал эми айрым түрлөр дээрлик жоголуп баратканы айтылат.

«Эркин экологдордун маалыматына караганда, биздин өлкөнүн көпчүлүк аймагында баш аламан аңчылыктын айынан дээрлик эч нерсе калган жок… Башкача айтканда, биз азыр өз жапайы жаратылышыбызды камаарабай жок кылып, кийин илбирстин мисалы сыяктуу аларды кайра калыбына келтириш үчүн улуттук парктарды түзүүгө кыйла каражат жумшаган атабыз», — деп белгиленет маалымкатта.

Депутат Эмил Токтошев — мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири.

Аңчылыкка тыюу салуунун демилгечилеринин бири, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Kloop.kg менен болгон маекте ушундай эле мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга белсенип жатканын айтты.

«Биз жакын арада ушундай эле мыйзам долбоорунун экинчи вариантын ойлоп табууну пландаштырып жатабыз. Эл менен жолугушуп, бул мыйзамга каршы чыккан депутаттар менен да талкуулайбыз», — деди ал.

Эколог Дмитрий Ветошкин мыйзам долбооруна каршы чыккандар менен макул эмес.

Эколог Дмитрий Ветошкин Kloop.kgге азыр Кыргызстан «жаратылышка зөөкүрдүк мамиле кылып жатканын», анткени адамдар тамак таап жеш үчүн эмес, зоок үчүн аңчылыкка чыгып жатышканын айтты.

«Зоок үчүн аңчылык жаратылышка өтө терс таасир тийгизет. Ал айбанаттардын генофондун бузат. Анткени мактаныч үчүн эң ири, эң кооз, мыкты тукум алып жүрүүчү айбанаттар атылат», — деди ал.

Анын айтымында, айбанаттардын санын жөнгө салып туруш үчүн аңчылык зарыл деген жүйө жалган.

«Мен аңчылыкка каршымын, мен мораторийди колдойм. […] Аңчылыктан түшкөн акча айбанаттардын тукумун сактап турууга жумшалат деген тезистин баары — келжиректик. Айбанаттарды атып, андан акча алып, анан кайра ал акчага айбанаттарды колдоо — тишиңди агартыш үчүн бөйрөгүңдү саткан менен эле бирдей», — деди ал.

Авторлошу: Азамат Каработоев


ТЕМА БОЮНЧА: