Депутатты коррупция боюнча айыптаган акын милициядагы суракта жооп берүүдөн баш тартты

Милиция Темирлан Ормуковду кармап, аны КСДПнын депутаты Дастан Бекешевдин дарегине айтылган дооматына байланыштуу суракка алмак болду. Ал тергөөчүнүн кабинетинде бир нече саат кармалып, анан коё берилди.

Акындын айтымында милиция аны 23-мартта эртең менен кылмыш иши боюнча суракка алыш үчүн кармаган.

«Мен алар менен адвокаты жок сүйлөшпөй турганымды айттым. Ошондо мени кабинетке эки же үч саатка камап коюшту», — деди ал.

Ошондон кийин милиция кызматкерлери ага күзөттөгү адвокаттын кызматын сунуш кылышкан, бирок Ормуковдун айтымында, ал ага «ишенбегендиктен» баш тарткан.

«Андан кийин менин адвокатым чалып, тергөөчү менен сүйлөшкөндөн кийин мени коё беришти», — деди ал.

Ормуковдун айтымында, азыр анын батири камакка алынган.

Ормуковдун адвокаты Улан Жумаков азырынча кылмыш ишинин материалдары менен тааныша электигин, ал эми анын кардары көзү майып болгондуктан иш менен тааныша албай тургандыгын айтты.

Адвокаттын айтымында, анын кардарын тергөөнүн бүтүшүнө байланыштуу иш менен тааныштырабыз деп чакырышкан. Жумаков жакында иш сотко өткөрүлөт деп эсептейт.

Кылмыш иши

Ормуковго каршы иш депутат Дастан Бекешевдин арызынан улам козголгон. Депутат акынды жалган маалымат таратты деп күнөөлөгөн.

Ормуков «Фэйсбуктагы» барагында Бекешев азиздер жана дүлөйлөр коомундагы коррупциялык иштер менен байланышы бар экенин бир нече жолу жазган.

Укук коргоо органдары Ормуковдун жазганын текшерип, бирок Бекешевдин коррупцияга аралашканы тууралуу фактыларды табышкан эмес.

Ошондон кийин милиция кылмыш иши тууралуу жалган маалымат берүү фактысы боюнча Ормуковдун өзүнө кылмыш ишин козгогон.

Бекешев өзү Ормуковдун «алдамчы» экенин айтып, ал азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү болбой туруп мамлекеттен мыйзамсыз батир алган деп эсептейт.

«Ормуков тек гана аныкталган алдамчылардын бири болуп чыкты. Ошондон кийин ал мага каршы колунан келген жерлердин баарына жазып, митинг уюштура баштады. Мындай адамдарды жазалаш керек», — деди депутат.

Бул укук коргоо органдары акынды суракка алып жаткан биринчи учур эмес. 2016-жылдын декабрында Башкы прокуратура Ормуковдун президент Алмазбек Атамабаев тууралуу жазган ырын улут аралык кастыкты козгоо боюнча текшерип чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: