Милиция ат майдандын тосмосуна чыгып алган көрүүчүлөрдү кандай жазалоону ойлонуп жатат

Ноорузга карата уюшулган ат чабыш учурунда башкалаадагы «Ак-Кула» ат майданында ондогон көрүүчүлөр металл тосмолорго жана бактарга чыгып алышкан. Бишкек ШИИБ азырынча тартип бузуучуларды кантип жазалаш керек экенин чече элек.

Бишкекте Нооруз майрамдалып жатканда ондогон адамдар «Ак-Кула» ат майданынын тосмосуна чыгып алышкан. Ат майданда орун жетишпегендиктен көрүүчүлөр оюнду караш үчүн металл тосмолорго жана бактарга чыгып кетишкен.

Көрүүчүлөрдүн тартып алган сүрөттөрү интернетте тез эле тарап, коомдук түйүндөрдүн ачуусун келтирди. Ошондон кийин милиция коомдук тартипти бузуучулар менен териштирүүгө убада берген.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Kloop.kgге жетекчилик көрүүчүлөргө кандай чара көрүлөөрүн чечип жатканын билдирди.

«Бүгүн бул боюнча инспектор жетекчиликке кетти, ал жерде ат майданындагы жагдай талкууланат. Анын аки-чүкүсү кийинчерээк белгилүү болот», — дешти басма сөз кызматындагылар.

Басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев мэрияга да ушул маселени чечүүгө аралашууну сунуш кылат. Ал ат майданын кеңейтиш керек деп эсептейт, анткени каалагандардын баары оюн көрө албай калып жатышат.

«Бул боюнча органдар эле эмес, мэрия да териштириши керек. Тепкичке, бастырмага, тууга чыгып кетүү жакшы эмес. Бул маданиятсыздык. Бирок мен мэрияга да ат майданын көчүрүүгө кеңеш берет элем», — деди Осмонбаев Kloop.kg менен болгон маекте.

Сүрөт: Вечерний Бишкек

Көкбөрү федерациясынын директору Султан Мелистин айтымында, маселе милиция тартипти көзөмөлдөбөй эле оюн көрүп жүрүп алганынан келип чыккан.

«Ошондой эле сатылган билеттердин саны ат майданына чогулган ышкыбоздордон бир канча эсе аз экенин да эске алыш керек», — деди ал.

Ат майдандын директору Тынчтыкбек Акматбековдун айтымында, Ноорузду майрамдаганы 15 миң киши чогулган. Ал эми ат майданга болсо 6 миң гана көрүүчү батат.

Сүрөт: Спутник, Табылды Кадырбеков


ТЕМА БОЮНЧА: