Беларус: Милиция жүздөгөн адамдарды оппозициянын митингинде кармады

Милиция жүздөгөн адамдарды Минсктеги оппозициянын митингинде кармады. Бул, ар кайсы маалыматтар боюнча, 500дөн 1500ге чейин тургун уруксатсыз митингге чыгып, «бекерпоздук салыгын» жокко чыгарууну жана эркин президенттик шайлоолорду талап кылгандан кийин болгон.

Оппозициячылар 25-мартта Минсктеги илимдер академиясынын жанына чогулган. Бул күнү Беларуста салтка айланып калган эрк күнүнө (Беларус элдик республикасынын расмий эмес майрамы) арналган жөө жүрүштөр өтөт.

Митингдин катышуучулары бийликтен «бекерпоздук салыгын» жокко чыгарып, таза жана эркин президенттик шайлоолорду өткөрүүнү талап кылышкан.

Акцияга адамдарды беларус саясий туткуну Николай Статкевич чакырган. Ал бийликти митинг өткөрүү тууралуу билдирген эмес, ал эми башка оппозициячылардын кайрылуулары кабыл алынган эмес.

Статкевич өзү жүрүшкө катышкан жок, анын кайда экенин азыркы күнгө чейин белгисиз.

Акция башталаардан мурда милиция эң чоң көчөлөрдүн бири болгон Көз карандысыздык проспектин жана бир канча метро станцияларын тосуп койгон.

Акция башталгандан эки саат өткөндөн кийин укук коргоо органдары документтерди текшерип жатабыз деп жүздөгөн митингчини жана ондогон журналистттерди кармап кеткен.

Ал эми Беларуста каттоосунан кол жууган «Весна» укук коргоо борборунун кабарлашынча, нааразылык акциясында 700дөй адамды кармашкан. Бул уюмдун кеңсесинде полиция эл аралык эксперттер жана укук коргоочулардан турган 57 адамды кармап, алардын баарын кийинчерээк коё берген.

Беларус бийлиги нааразылык акциялары башталганга чейин эки апта мурда эле 300дөй оппозициячы менен ар кандай активисттерди кармаган.

«Бекерпоздук салыгы»

Соңку айларда Беларуста «бекерпоздук салыгына» каршы митингдер өтүп келатат. Беларустун президенти Александр Лукашенко 2015-жылдын апрелинде «Социалдык жатып ичерликти эскертүү жөнүндө» декретке кол койгон болчу.

Жарлыкка ылайык, жарым жыл ичинде иштебеген бардык жарандар жылына бир жолу салык төлөшү керек. Салыктын өлчөмү болжолдуу 200 еврону түзөт.

Бирок Беларустун жашоочулары жаңы киргизилген эрежеге макул болгон эмес. Бул ишке жарамдуу жарандардын сегиз пайызына таасир эткен.

Алар көптөгөн митингдерге чыгышып, салыктын жокко чыгарылышын талап кылышкан. Эң ири «Ачуусу келген беларустардын» жүрүшү Минскте 18-февралда өткөн.

Анда миңдеген демонстранттар эгерде жарлык жокко чыгарылбаса, президент Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылууга даяр экенин билдиришкен.

Анда Беларустун президенти өлкөдө жакынкы жылдарда «бекерпоздордон салык алынбашын» убадалаган.

Лукашенконун ою боюнча, бул жарлык «моралдык, идеологиялык декрет» болуп саналат.

«Мамлекет бул жерден чоң акча деле албайт. Бул декреттин максаты — ким иштей алса жана иштеши керек болсо, ошолорду иштөөгө мажбурлоо. Бул башкысы», — деген ал.

Сүрөт: Associated Press