Кыргызстандыктар самбо боюнча Дүйнө кубогунда беш медаль утуп алышты

Кыргыз спортчулары ушул дем алышта Москвада өткөн самбо боюнча «Харлампиев атындагы мемориал 2017» Дүйнө кубогунда беш медаль утуп алышты.

Мелдештин биринчи күнүндө курама команданын пайдасына Артур Те менен Жамалбек Асылбек уулу турнирдин эки күмүш медаль алып келишти.

Жамалбек Асылбек уулу 82 кг чейинки салмак категориясында медалдар үчүн ат салышты. Финалдык таймашта кыргызстандык балбан орусиялык спортчу Андрей Перепелюк менен беттешти.

Таймаш бүткөнгө 40 секунд калганда орусиялык балбан оорутуучу ыкма менен кыргызстандык спортчуну багынууга аргасыз кылып, турнирдин алтын медалына ээ болду. Жамалбек Асылбек уулу болсо Дүйнө кубогунун күмүш медалын алды.

Дагы бир кыргызстандык спортчу — Артур Тенин эсебинде да күмүш медаль бар. Спортчу 68 кг чейинки салмак категориясында чыккан. Чечүүчү таймашта ал белорус спортчусу Владислав Саяпинди жеңе албай койду.

Мелдештин экинчи күнү курама команданын эсебине дагы үч медаль алып келди.

Спорттук самбо боюнча 52 кг чейинки салмак категориясындагы мелдештерде Кыргызстандын атынан Руслан Жаныбек уулу чыкты. Жарым финалдык таймашта ал орусиялык Андрей Кубарковго утулуп калды. Андан соң коло медаль үчун таймашта спортчу беларустук Виталий Серемяжкону утуп алып, жыйынтыктоочу эсепте үчүнчү орунду ээледи.

Турнирде 74 кг чейинки салмак категориясында Салмоорбек Мамбетжан уулу өз эсебин румын спортчусун жеңүү менен баштады. Жарым финалда кыргызстандык балбан Болгариядан келген Ашот Мартиросянга утулуп калып, коло медаль үчүн күрөштө Түркмөнстандан келген Касым Популовду жеңип чыкты.

Урмат Манатемин уулунун эсебинде да турнирдин коло медалы пайда болду. Кыргызстандык балбан күжүрмөн самбо боюнча турнирде 74 кг чейинки салмак категориясында катышкан.

Чейрек финалда спортчу орусиялык Артем Ненаковду утуп чыкты. Жарым финалда кыргызстандык балбан Илья Хадкевич менен беттешип, ага утулуп калды.

Коло медаль үчүн күрөштө кыргызстандык балбандын атаандашы АКШдан келген Жонсон Яюте болду. Урмат Манатемин уулу бул жолу жеңишке жетип, турнирдин коло медалынын ээси болуп калды.

«Харлампиев атындагы мемориал 2017» дүйнө кубогу Москвада (Орусия) 25-26-мартта болуп өттү. Мелдештерге дүйнөнүн 27 өлкөсүнөн келген 300 спортчу катышты.

Сүрөт: «Акипресс»