Украинанын Кыргызстандагы элчиси кыргыз депутаттарынын Крымга барышына байланыштуу нааразылык билдирди

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Микола Дорошенко кыргыз парламентинин депутаттарынын Крымга макулдашуусуз барганына байланыштуу кыргыз ТИМине нааразылык билдирди. Украин дипломаты «Фэйсбукта» пост жарыялап, анда «Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сыйлоого» үндөдү.

Украин дипломаты кыргыз парламентиндеги КСДП депутаттары Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкинанын Крымга макулдашуусуз барганына ачуусу келди.

Элчи Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоого үндөп, Крым өлкөнүн бир бөлүгү болуп эсептелээрин жазды. Дорошенко Крым Автономдуу Республикасынын оккупацияланган аймагына кирүүнүн жана анда жүрүүнүн белгилүү бир эрежелери бар экенин билдирди.

«Эрежени бузгандар Украинанын мыйзамдарына ылайык кылмыштык/административдик жоопкерчиликке тартылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Элчи кыргыз бийлиги тиешелүү чара көрөт деп үмүттөнөт.

«Бирок, оккупацияланган Крымда Жогорку Кенештин башка депутаты Ирина Карамушкина түшкөн сүрөттү карап туруп, кыргыз ТИМине кезектеги жолу айла жоктон барыш керек экенин, бул маселеде биз өз ара түшүнүшкүчө көп бар экенин билип турам», — деп жазды ал.

Дорошенко бул кырдаалда аны жалаң адамдык өңүт тынчсыздандырып жатканын баса белгиледи.

«Крымга барганын түшүндүрүп жатып кыргыз депутаттары достук жана сүйүү, тынчтык жана ынтымак тууралуу, башчылар кепке келиши керек экендиги тууралуу айтышат… Бул тынчтык орнотуучулардан сурагым келет — кимдин эсебинен? Украинанын, анын аймагынын, анын элинин каны менен теринин эсебиненби? Депутат мырзалар, кан менен достук орнотуу мүмкүн эмес!» — деп жазды ал.

КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина Крымга барган кезиндеги Иосиф Сталинге, Теодор Рузвельтке жана Уинстон Черчиллге тургузулган эстеликтердин жанында түшкөн сүрөтүн коомдук түйүндөрдө жарыялаган. Бул сүрөттүн жанында депутат «Крым — биздики дагы» деп жазып койгон.

Азырынча Карамушкина менен Аманкуловдон комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы азыр мекеменин юристтери кеңешип жатышканын жана нааразылык боюнча комментарий жок экенин билдирди.

Украина жана Крым

Украина анын чек арачыларынан өтпөй Крымга барган бардык саякаттарды мыйзамсыз деп эсептейт. Украинанын жараны болбогон адамдар Крымга барыш үчүн миграциялык кызматтан атайын уруксат алышы керек.

Ал уруксат менен Крымга Украинанын материк бөлүгү жактан үч транспорт босогосу аркылуу — Херсон облусунун Чонгар, Каланчак жана Чаплинка кириш/чыгыш көзөмөл пункттары аркылуу кирсе болот.

Жарым аралдын Орусиянын курамына кириши тууралуу Крымдагы референдум 16-мартта өткөн.

Добуш берүүнүн расмий жыйынтыктарына ылайык, референдумга келген 82 пайыз крымдыктардын ичинен 97 пайызы Орусия Федерациясынын курамында болууну каалаган.

Крымдагы референдум Кремлдин колдоосу астында, жарым аралда орусиялык аскерлер турган шартта өткөрүлгөн.

Украина жана Батыш өлкөлөрү Крымдагы референдумду таанышкан эмес. Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизишкен.