Кыргызстан-Макао футбол матчы: Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

Жол кайгуул кызматы 28-мартта Кыргызстан менен Макаонун ортосундагы футболдук матч учурунда Бишкектин айрым көчөлөрүн жабат.

Футболдук матч Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Жолдор 17:00дөн 22:00гө чейин жабылат.

Жабыла турган көчөлөр:

  • Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат;
  • Фрунзе көчөсү Панфилов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жабылат.

Милиция көчөлөрдү футболдук матч учурунда коомдук тартипти сактоо жана күйөрмандардын коопсуздугу үчүн жабат.

Кайгуул милициясы айдоочуларга автоунааларын стадиондун башкы дарбазасында жана ага жакын жерде токтотууга тыюу салганын билдирди.

Мындан тышкары, стадион тараптагы коопсуздукту 2500дөн ашуун милиция кызматкери камсыз кылат.

Сүрөт иллюстративдик мүнөздө