Бекер билим: Окуучуларга китептер үчүн 20 сомдон төлөшкө туура келет

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде окуу китептери үчүн ижара акысы кайрадан алына тургандыгын билдирди. Мекеме мындай ыкма жаңы окуу китептерин чыгарыш үчүн акча топтогонго шарт түзөт деп эсептейт. Бир окуу китебинин ижара акысы 20 сом болмокчу.

Билим берүү министрлиги эксперимент катары Чүй облусунун Жайыл районунун 40 мектебинде окуу китептеринин ижара акысын киргизди. Азырынча башталгыч класстардын окуучулары гана ар бир окуу китеби үчүн жылына 20 сом төлөйт. Келечекте бул эреже өлкөнүн бардык мектептеринде киргизилиши мүмкүн.

Айрым окуучуларды окуу китептеринин ижара акысынан толук же жарым-жартылай бошотуу боюнча сунуштар түшүп жатат. Мисалы, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары же аскер адамдарынын балдары жана башкалар жеңилдик алса болот.

Билим берүү министрлиги өз мөөнөтүн өтөп бүткөн китептерди жаңыларына алмаштырыш үчүн мектептеги окуу китептеринин ижара акысын кайра калыбына келтирүүнү чечти.

Мектеп окуучулары 1996-жылдан 2006-жылга чейин окуу китептерин пайдаланганы үчүн акча төлөп келишкен, мекеменин адистеринин пикиринде бул окуучуларды жаңы окуу куралдары менен камсыз кылууга жардам берип турган.

Билим берүү министрлиги окуу китептеринин тартыштыгы тууралуу далай жолу айтып келген. 2016-жылдын августунда мекеме ар бир окуу китебин пайдалануу үчүн жылына 15 сомдон акча алууну сунуш кылган.

Мекеменин маалымат боюнча, Кыргызстандын бардык мектептерин окуу китептери менен толук камсыз кылыш үчүн 600 миллион сомдон ашуун каражат керек. Бирок мамлекеттик бюджеттен жаңы китептерди алууга беш эсе аз акча бөлүнөт.


ТЕМА БОЮНЧА: