Атамбаев «Азаттык» үналгысынын директоруна: ЖМК таза жана калыс иштеши керек

Президент Алмазбек Атамбаев «Азаттык» үналгысынын директору Томас Кентке Кыргызстандагы сөз эркиндигин «баалай тургандыгын», бирок өлкөдөгү ЖМК «таза жана калыс» иштеши керек деп эсептээрин билдирди. Кент өзү «Азаттык» үналгысы Кыргызстан менен мындан ары да кызматташаарын айтты.

Президенттин аппаратында белгилешкендей, жолугушуу «Азаттык» үналгысынын директору Томас Кенттин жеке өтүнүчүнө байланыштуу өттү.

Жолугушууда Атамбаев Кентке Кыргызстандагы журналисттер сөз эркиндигинин баркын кетирбеши керек экенин айтты.

«Сөз эркиндиги азыр күч алып келаткан фейк технологияларынын айынан баркын кетирип албашы үчүн ЖМК таза жана калыс иштеши керек», — деп эсептейт президент.

Атамбаев кыргызстандыктар үчүн сөз эркиндиги «өзгөчө мааниге ээ экенин», бирок азыр өлкө ага бет алган жолдун кыйла кыйын жеринде турганын айтты.

«Тилекке каршы, өлкөдө орун алган пикир айтуу эркиндиги жалпыга маалымдоо каражаттарына өзгөчө жоопкерчилик жүктөй тургандыгын баары эле түшүнө бербейт», — деди мамлекет башчысы.

Томас Кент өзү «Азаттык» үналгысы Кыргызстан менен мындан ары да кызматташаарын билдирди.

«Американын акчасын актап жатышат»

Кенттин бул билдирүүсү өз сөздөрүнүн биринде Атамбаев «Азаттык» үналгысынын кыргыз бюросун «ушак таратып жатат» деп айыптаганына карабастан жасалды.

«“Азаттык” деген ыйык атты жамынып алып, Америка конгресси тарабынан каржыланган радио “Свободанын” өлкөбүздөгү филиалы өзгөчө жанталашып жатат өлкөбүз жөнүндө, мен жөнүндө ушак таратып. Америкадан алган акчасын актап жатат абдан!» — деген болчу Атамбаев.

Бул билдирүүнүн эртеси күнү Башкы прокуратура «Азаттык» үналгысына каршы 20 миллион сомго доо арыз берген.

Үналгы президент тууралуу анын «ар-намысына шек келтирген» жалган маалыматты «таратты» деп айыпталган.

Биринчи доо арызга «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин басма сөз жыйынынан алынган материалдардын жарыяланышы себеп болгон.

Анда юристтер Бишкектин жанында 2017-жылдын январында кыйраган «Боинг-747деги» жүк Атамбаевге жана анын аялына тиешелүү экенин далилдейт деген документти көрсөтүшкөн.

Бирок кийинчерээк түрк бийлик өкүлдөрү ал кагаздын «жасалма» экенин жана президентке эч кандай тиешеси жок экенин айтышкан.

Экинчи доо арызды президенттин Кипрдеги оффшордо жашыруун мүлкү бар экенин айткан оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүн жарыялоого байланыштуу болгон.

Редакция өзү коюлган айыпты негизсиз деп эсептейт, анткени маалымат булактарынын айтканын сөзмө-сөз келтирген.