Ош мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Абдулманаф Садыков араб тамгаларынын жана Куран аяттарынын жардамы менен сүрөт тартат. Башка сүрөттөрдөн айырмаланып анын эмгеги чыгармачыл жаратмандык гана эмес, диний үгүт да болуп саналат.

Абдулманаф Сыдыков бала кезинен бери сүрөт тартууга кызыгып келет. Ошондо эле ал бардык эле адамдар үчүн көнүмүш болбогон таризде сүрөт тарткысы келгенин түшүнгөн. Бирок жаш болгондуктан көксөгөнүн кантип ишке ашырыш керек экенин билген эмес.

Караколдо өскөн Абдулманаф кийинчерээк Ош мамлекеттик университетинин теология факультетине тапшырыш үчүн Ош шаарына кеткен. Өзүнүн сүйгөн жумушуна ал Түркияда бир жыл окуп жүрүп жеткен.

«Мен ал жакта мечиттерге барып, арап тамгалары менен даярдалган жасалгаларды изилдедим. Ошондо менде кооз жазууга ышкым козголуп, араб тамгаларынан өзгөчө сүрөттөрдү тарткым келди», — деп эскерди ал.

Абдулманаф Түркиядан Кыргызстанга кайтып келгенде, өзүнө жаккандай кылып тартууну уланткан, бирок көбүнчө аны өзү үчүн жасаган.

Мухаммед пайгамбардын аты жазылган ак куу.

Бир жолу ал Оштогу тил борборлорунун биринде өзүнүн кезектеги сүрөтүн тартканда, директор келип эмне менен алек болуп жатканын сураган.

«Мен ага тарткан сүрөттөрүмдү көрсөттүм. Ага жагып калып, дароо бир канча сүрөтүмдү сатып алаарын айтты. Мен макул болдум. Азыр сүрөттөрүм борбордун далисинде илинип турат», — деп бөлүшө кетти ал.

Абдулманафтын сүрөтү. Аял баласы менен. Көйнөктүн этегинде араб тамгалары менен «Бейиш эненин таман алдында» деген хадис жазылган.

Бул борбордо Абдулманаф менен бирге жергиликтүү телеканалдардын биринде иштеген журналист далисте илинип турган сүрөттөрдү көрүп, ал тууралуу сюжет даярдоону чечкен.

«Сюжет сыналгыдан көрсөтүлүп, YouTubeга да чыгарылды. Ошентип бул сүрөттөр жөнүндө көп киши уга баштады», — деди ал.

Андан кийин Абдулманафтын сүрөттөрүн эл көп сатып ала баштаган. Азыр ал сүрөт гана тартпастан, китептердин жасалгасы жана автопортреттерди жаратыш үчүн табыштамаларды кабыл алат.

«Он автопортретти тартыш үчүн мага бир ай жетет», — дейт ал.

Баш пияздын сүрөтү. Эң кеңири тараган «Бисмиллаахи Рахмаанир-Рахим».

Жакында эле анын чыгармачылыгы жергиликтүү имамдардын көңүлүн бура баштады. Абдулманафка бир канча мечиттин ичин жасалгалоо боюнча сунуштар келип түшкөн.

«Бир мечиттен баштап көрөбүз. Эгер жакса, анда калгандары да ошого окшогон бир нерсе табыштаса керек», — деди сүрөтчү.

Абдулманафтын айтымында, араб тамгаларынан, Куран аяттарынан сүрөт жаратуу бир топ эле кыйын, бирок аракет кылса натыйжада терең мазмундуу сүрөт пайда болот.