Түрк авиакомпаниясы «Боинг-747нин» кыйрашынан жабыркагандарга 42 миллион сом которду

«ACT Airlines» авиакомпаниясы ӨКМдин атайын эсебине алгачкы 42 миллион сомду которду. Азырынча бул кыргыз тарап сураган компенсациянын бештен бир бөлүгү.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев «ACT Airlines» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Түркия компенсация төлөөтууралуу маселени соттук териштирүүсүз эле чечип алышаарын билдирди.

«Эгерде курман болгондордун туугандары жана жабыркагандар түрк тараптын сунушун (компенсациянын суммасын) кабыл алышса, анда авиакырсыктан жабыркагандарга жана курман болгондордун туугандарына компенсация төлөтүү маселеси сотко чейинки тартипте чечилет», — деди Абулгазиев.

Жолугушуудан кийин түрк тарап ӨКМдин атайын эсебине 42 миллион сом (600 миң доллар) которду. Бирок азырынча бул акча таратылбайт.

Кыргыз бийлиги компенсациянын толук суммасы келгиче күтүп турмакчы. Мурда бийлик түрк «Боингинин» кулашына байланыштуу тартылган зыян 195 миллион сомго барабар экенин айтып келген.

«Кандай кааласаңар ошондой жан сактагыла»

ӨКМдин атайын эсебине көп каражат топтолгонуна карабастан, Дача СУ кыштагынын тургундары бийлик эмгиче компенсация таратпаганын айтып арызданышууда.

Мамлекет жакындары курман болгон же үйлөрү толук талкаланган тургундардын бир бөлүгүн көчүргөн. Азыр алар жалдама батирде жашап жатышат.

Жабыркаган жарандардын калгандары дача кыштагында дагы эле жашап жатышат. Сарайларын, чатырларын учак сүрүп кеткен бир топтору дагы эле материалдык жардам ала элек.

Дача СУнун тургундары ал тургай аларды коопсуз жерге көчүрүүнү талап кылып митингге да чыгышкан.

Бирок Чүй облусунун губернатору Бактыбек Кудайбергенов бийлие алар үчүн жаңы үй таап бергенге мүмкүнчүлүк жок экенин моюнга алууда.

«Боингдин» кулашы

«Боинг-747» жүк ташуучу учагы «Манас» аба майданынын жанына 16-январда эртең мененки 7:20да кулап түшкөн. Ал аба майданына жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагына түшүп 60тан ашуун киши жашаган 26 үйдү талкалаган.

Жүк ташуучу учактын кыйрашынан улам 39 киши курман болгон. Алардын көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары.