УЕФА Европа турниринин жаңы концепциясын сунуш кылды

A view of the action between Portugal and France during their UEFA Euro 2016 Final

Европа футбол ассоциациялар союзуна (UEFA) кирген улуттук курама командалар үчүн жаңы форматтагы беттеш тууралуу маалымат сунуштап чыкты.

УЕФАнын алкагында жаңы турнир түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр 2011-жылда эле башталган болчу. Алты жыл өткөн соң натыйжада бул турнирдин кандай форматта өтөөрү тууралуу кеңири маалымат пайда болду.

Командалар дивизиондорго кантип бөлүнөт?

Бардык 55 Европа курма командасы төрт дивизионго бөлүнүшөт: A, B, C жана D. A дивизионуна 12 мыкты (ассоциациянын рейтингине ылайык) курама кирет. Анда төрт тайпа болуп, ар бирине 3 команда кирет. Ушундай эле жол менен B дивизиону да түзүлөт.

Үчүнчү C дивизионунда 15 команда ойнойт (бир тайпада үч команда ойносо, калган үч тайпада төрттөн командалар ойношот). D дивизионуда 16 команда (ар бир тайпада төрттөн команда) болот.

Билдирүүдө айтылгандай, Орусия менен Украинанын курамалары менен Азербайжан менен Армениянын командалары бир дивизиондо ойной алышат, бирок чүчүкулак кармоо маалында ар кайсы тайпаларга бөлүштүрүлөт.

Сүрөт: UEFA.

Турнир дайым эле УЕФАнын рейтингин кармана бербейт, командалардын жайгашышы өзгөртүлүп турат. Мыктылар дивизионго көтөрүлүп, начар ойногондор төмөн түшө берет. Акыркы дивизиондон гана чыгарылбайт, анткени турнир УЕФАнын курамына кирген командаларга арналган.

Турнирдин финалдык баскычына биринчи дивизиондун ар бир тайпасынын төрт мыкты командасы чыгат. Дал ушул командалар Улуттар лигасынын наамы үчүн күч сынашат.

Бул турнир эмне үчүн керек?

УЕФАнын расмий билдирүүсүнө ылайык, бул турнирди негиздөөнүн себеби жолдоштук беттештерди турнирдик матчтарга айлантуу боюнча келип түшкөн сунуштар болгон.

Ошондой эле, Улуттар лигасында катышуу Европа чемпионатына баруунун альтернативдик жолу болуп саналат.

Ар бир төрт дивизиондун мыкты төрт командасы Евро-2020га жолдомо утуп алыш үчүн өз ара беттеш өткөрүшөт. Командалар эки жарым финалда жана бир финалда ойношот. Жыйынтыгында ар бир дивизиондон бирден команда аныкталып, турнирге жолдомо алат.

Жолдоштук матчтар эми өткөрүлбөй калабы?

УЕФАнын жолдоштук матчтары кадимкидей эле өткөрүлө бермекчи. Бирок алар маанилүү турнирлердин алдында эле уюштурулат. Андан тышкары УЕФА ар кайсы континенттердин ортосунда жолдоштук беттештердин өткөрүлүп турушун каалайт.

Улуттар лигасы качан башталат?

Улуттар лигасы 2018-жылдын күз мезгилинен тартып башталат. Төрт команданын финалдык оюну 2019-жылдын жайында өтөт. Анын артынан март айында боло турган Евро-2020га тандоо баскычы башталат.

УЕФАнын өкүлдөрү ишендиргендей, жаңы турнирдин пайда болушу клубдук Европа футболуна терс таасирин тийгизбейт жана футболчуларга ашыкча жүк болуп калбайт. УЕФА графикти курама командалар үчүн ыңгайлуу жана жөнөкөй кылып түзөт.

Сүрөт: Panoramic