Кайгуул милиция башкармалыгы байланыштары менен коркуткан айдоочу келинге штраф салган кызматкердин аскердик наамы төмөндөтүлбөгөнүн билдирди. Инспектор башка бөлүмгө которулган.
Кайгуул милиция башкармалыгынын (КМБ) басма сөз кызматынын өкүлү Таалай Бугубаев Kloop.kgге сержант Э. Кыргызбаев журналисттер мурда билдиргендей аскердик наамы төмөндөтүлгөн жок деп билдирди.
Инспектор бир келинге каршы тилкеге чыгып кеткени үчүн штраф салып, ал болсо «каржы полициясында иштеген күйөөсү» менен коркутуп жатканы тууралуу видео жарыкка чыккандан кийин белгилүү болду.
КМБнын маалыматы боюнча, инспектор жолду байкоого байланышпаган башка бөлүмгө которулду.
«Ал жетекчиликке туура эмес маалымат бериптир. Журналисттерге ал аны айдоочу капоту менен сүйрөп кеткенин айткан экен, жетекчиликке болсо бир эле протокол түзгөнүн айткан. Ал бизге туура эмес маалымат берген болуп чыгып жатат», — деди Бугубаев.
Мурда «Азаттыктын» журналисттери инспектордун туугандарынын сөзүнө таянуу менен милиция кызматкеринин аскердик наамы төмөндөтүлгөнүн билдиришкен.
Окуянын өзү 20-мартта Киев көчөсү менен Манас проспектинин кесилишинде болгон. BMW маркасындагы автоунаа каршы тилкеге чыгып кеткен. Инспектор автоунааны токтотууга аракет кылган. Бирок, анын айтымында, айдоочу аны капоту менен сүйрөп барып анан гана токтогон.
Рулда отурган 29 жаштагы келин күйөөсү каржы полициясында иштей турганын айтып опузалап, милиция кызматкеринин үйүн таба турганын билдирген.
Бирок Каржы полициясы ал жакта жол эрежесин бузган келиндин күйөөсү иштебей турганын билдирди.