Санкт-Петербург метросундагы жардыруу: он киши набыт болду

Санкт-Петербург метрополитинде жардыруу болду. Алдын-ала маалыматтар боюнча, он киши каза болуп, 20дан ашык адамдын жабыр тартканы кабарланууда.

Метродогу жардыруу жергиликтүү саат боюнча болжолдуу 15:00дөрдө жүз берген. Жардыруунун себептери такталууда. Орусиянын президенти кырсыкта каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

«Себептери азырынча тактала элек, ошондуктан бул тууралуу айтууга эртелик кылат, иликтөө көрсөтмөкчү. Бирок, албетте, биз ар дайым бардык варианттарды караштырып жатабыз — турмуштук, криминалдык, же болбосо баарынан мурда террористтик акт вариантын да караштырабыз», — деп билдирди Путин.


Учурда Петербургдагы сегиз метро станциясы (айрым маалымат булактары боюнча бардык метро станциялары) жабылып, губернатор шаар ичинде жүргүнчүлөрдү бекер ташууга тапшырма берген.

Жардыруу метронун көк бутагындагы «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларында болгон

Жардыруу «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларында болгону кабарланууда. Жарылуу тротил эквиваленти боюнча 200-300 гр күчүндө болгон.

Кыргыз дипломаттары жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун такташтырып жатышат.

Хроника менен бул жерден таанышсаңыз болот (орус тилинде)