Бийлик документтештирбей бирөөгө сим-карта бергендерге штраф салууну сунуш кылууда

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет келишимди кайрадан документтештирбей туруп башка бирөөлөргө сим-картаны өткөрүп бергендиги үчүн уюк байланыш абоненттерине штраф салууну сунуш кылды. Жеке адамдар үчүн штраф беш миң сом, юридикалык тараптар үчүн 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин жетет.

Мыйзам долбоору боюнча абонент сим-картаны кимге өткөргөнү жатса, 10 календарлык күн ичинде аны ага документтештирип бериши керек.

«Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске» киргизилчү түзөтүүлөргө ылайык, эгерде сим-картанын ээси аны аткарбаса ал бир миң сомдон беш миң сомго чейин штраф тартат, юридикалык тарап бул үчүн 10-50 миң сом төлөөгө мажбур болот.

Түзөтүүлөрдүн авторлорунун пикиринде, сим-картаны документтештирүү тууралуу пункттун сакталбаганы «экстремизм жана террорчулук менен күрөшүүнүн деңгээлине терс таасир тийгизүүдө». Ошондуктан алар сим-картаны документтештирбестен өткөрүп бергендердин жоопкерчилиги тууралуу жобону киргизүүнү каалашат.

Сим-картаны өткөрүп берүүдөгү мыйзам бузулган учурларды ички иштер органдары көз салып, таап чгышат. Бирок мыйзам долбоорунда укук сакчылары аны кантип аткара алаары жазылган эмес.

Түзөтүүлөр премьер-министр Соронбай Жээнбеков тарабынан жактырылып, парламенттин кароосуна жиберилди.


ТЕМА БОЮНЧА: