Кара жыгач токойчосу: Бактарды кыюу менчик зонада жүрүп жатабы же парк зонасындабы?

Кара жыгач токойчосунун башчысы Дамир Исмаилов Kloop.kgнин кабарчыларына бактар кыйылып жаткан жерди көрсөттү.

Бишкектин түндүк жагындагы Кара жыгач токойчосунда бактар кыйыла баштады. Парктын администрациясы бактар менчик аймакта кыйылып жатканын айтууда. Kloop.kgин редакциясы бул маалыматты текшерип чыкты.

Кара жыгач токойчосунда бактарды кыюу 11-апрелде башталган — жергиликтүү тургундар беш сотка жерде бактар кыйылып киргенин жана дагы он соткасында кыйыла турганын айтып арызданышкан болчу.

«Планда бул жер парк зонасы катары белгиленген. Алар бул жерге кантип документ алышканы түшүнүксүз», — деген «Заноза» басылмасына жергиликтүү тургун Максим Рыбалов.

Парктын башчысы Дамир Исмаилов Kloop.kgге айтканына караганда, 2014-жылдагы парктын чек арасынын схемасына ылайык бактар кыйылган жерлер менчик ээликте турат, андыктан дарактарды кыюуга тыюу салууга болбойт.

«Алар (кожоюндары) келип, кызыл китебин, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башкармалык менен макулдашылган бак кыюу актын көрсөтүштү», — деп түшүндүрдү Исмаилов.

Исмаилов картада бактар кыйылып жаткан жер тилкелерин көрсөттү (зона кара айлампа менен курчалган).

Бактар кыйылып жаткан жери белгиленген, парктын администрациясы көрсөткөн карта.

Анын айтымында, Кара жыгач токойчосунун аймагында бир нече жеке менчик жер «аралчалары» бар, кожоюндары ал жерлерге кызыл китеп алып алышкан.

«Кыязы, чек ара жер басып алынгандан кийин чийилсе керек. Жер качан басылганын мен силерге айта албайм, анткени мен 2016-жылдын июнунан тартып ишке кириштим», — деди ал.

Кадастр картасына ылайык Кара жыгач токойчосунун администрациясы белгилеген зонанын баары эле менчик ээликте эмес — менчик жерлердин ортосунда бак кыйганга болбой турган коомдук зоналар бар.

Бактар кыйылып жаткан жердин картасы кадастр картасына түшүрүлгөнү. Кызыл чектер менен менчик жер тилкелери белгиленген.

Жер талаш

Kloop.kgнин кабарчылары дарактар кыйылган жерге барып, жер тилкелерине кимдер ээлик кылаары боюнча мамкаттоонун базасы аркылуу текшерүү жүргүзүп көрүштү. Журналисттердин байкоосу боюнча, бактарды кыюу жеке менчикке жакын жайгашкан чектерде жүрүп, бирок, албетте, ар бир дарак үчүн мунун чын-төгүнүн билиш кыйын.

Маалымат базасына ылайык, дарактар кыйылган аймакка беш жеке менчик жер тилкеси кирет. Аларга Нуруйла Чороева менен Тилек Кожокулов ээлик кылат, алар жерди 2016-жылы сатып алышкан. Ага чейин бул аймакка Съездбек Базарбаев менен Замира Жетигенова ээлик кылган.

Тилек Кожокуловдун жерге ээлик кылганын ырастаган Мамкаттоо сунуштаган көчүрмө.

Нуруйла Чороеванын жерге ээлик кылганын ырастаган Мамкаттоо сунуштаган көчүрмө.

Соттук иштер боюнча архивдерге ылайык, Базарбаев менен Жетигенова 2015-жылдын июнунда бул жерлерге ээлик кылыш үчүн Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы менен соттошкон.

Экөө тең аймактарды өз менчигине Свердлов райондук элдик депутаттар кеңешинин аткаруучу комитетинин чечимине ылайык 1989-жылдын июлунда алганын билдиришкен.

Бирок ошол убакта бул жерлердеги Кара жыгач токою саз болуп турган жана жердин кожоюндары убактылуу ал жерде үй салбай турууну чечип, бактарды отургузуп, келечекте аларды кыюуну пландашкан.

«Алардын (Базарбаев менен Жетигенованын) кургап калган жер тилкелеринин айланасында эбак эле үйлөр салынып, адамдар кирип жашап жатышат. Алар болсо качан кургайт деп күтүп жүрүшкөн. Эми курулуш иштерин баштай берсе болот, дарактар аябай чоңоюп, жер кургаган, алар үйдүн курулушун баштагысы келет», — делет соттун документинде.

Натыйжада Базарбаев менен Жетигенова жерди өз менчигине өткөрүп, бирок кийин алар жерлерди төмөндөгү адамдарга өткөрүп беришкен же сатып жиберишкен.

Kloop.kgнин кабарчыларынын жер тилкелеринин жаңы кожоюндарынан комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок, алар жеткиликсиз бойдон калышты.

Жаңы көчөттөр отургузулат

Исмаиловдун айтымында, «эс алуучуларга кооптуу» болуп жаткан авариялык абалдагы дарактар паркта көп болгону үчүн кыюу иштери жүрүп жатат. Анын сөзүнө караганда, былтыр дарактардын бири парктын администрациясынын имаратына кулап түшкөн.

«Андан кийин Свердлов районунун агроному Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы менен кошо  бизге бул аймакка коркунуч жараткан дарактарды кыюу тууралуу буйрук берди», — деди парктын директору.

Анын айтымында, парктын администрациясы жаңы бактарды отургузууда — бул сезондо токойчодо 200 жаш ясень отургузулду, эми бир жума ичинде дагы 100 клен көчөтү жана 70 ясень отургузулат.

Кара жыгач токойчосу — Бишкектин түндүк жагындагы совет мезгилинде ботаник-окумуштуу Алейсей Фетисов тигип кеткен чоң парк. Окумуштуу шакирттери менен кошо саздуу жерди кургатып, ал жакка 50дөн ашык түрдөгү бактарды отургузуп кеткен.

Парктын аймагында өскөн бир катар бактар Кыргызстандын ландшафты жана табияты үчүн мүнөздүү эмес — Фетисов аларды башка мамлекеттерден алдырып келген.

Кара жыгач токойчосунун азайышы

Кара жыгач токойчосу — жөн эле парк эмес, өзгөчө коргоого алына турган тарыхый эстелик. Тарыхый эстеликтерди коргоо тууралуу мыйзамга карабастан, парктын аймагы 20 жылдан ашуун убакыт бою басып алынып, бактары кыйылып, ичине курулуш иштери жүрүп келген.

Кара жыгач токойчосу кирген тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча мыйзамга ылайык 2015-жылдын жазына чейин парктын аймагында курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган эле.

Бирок 2015-жылдын мартында мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксаты менен тарыхый жана маданий эстеликтердин аймагында курулуш жүргүзүүгө уруксат берилген.

Кара жыгач токойчосунда 2005-жылдан 2016-жылга чейин кантип имарат салынган? Kloop.kgнин видеосу

Жер басуудан улам парктын аянты эки эсе азайып, мурда 216 гектар болсо, кийин 130 гектарга чейин кемиген. Парктын 40 пайыздан ашыгы үй салуу максатында басып алынган.

Прокуратура бул жерлерди бөлүп берген аткаминерлерди 2012-жылы жоопко тартууга аракет кылган — ал кезде Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басарына жана мурдагы архитекторуна айып тагылган болчу.

Бирок иш мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу токтотулган.

Авторлоштору: Элдияр Арыкбаев жана Эдил Байызбеков