Депутаттар жаңы жолдордун кепилдик мөөнөтүн беш жылга чейин узарткысы келет

Парламент депутаттары жаңы автомобиль жолдорунун кепилдигин үч жылдан беш жылга чейин узарта турган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Демилгечилердин пикиринде, бул түзөтүүлөр «жалдануучуну өз ишин болушунча сапаттуу аткарганга» түртөт.

Депутаттар курулуш компаниялары жаңыдан салган же оңдоп чыккан жолдордун кепилдик мөөнөтүн узартууну сунуш кылышты. Жаңы жолдорго беш жылга чейин, оңдолгон жолдорго үч жылга чейин кепилдик мөөнөтүн коюу сунуш кылынууда.

Депутаттардын пикиринде, мындай талап мамлекет каталарды жоюуга кошумча акча бөлүүгө мажбур болбошу үчүн жалдануучуну өз ишин сапаттуу аткарууга түртөт.

«Кепилдик мөөнөтү узартылбаса мамлекет жаңы жана кайра курулган жолдорду тейлөө боюнча өзүнө кошумча оорчулук алат, ал өлкө бюджетинин чектелүү шартында эстүүлүк болбойт», — деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Депутаттар мындай түзөтүүлөрдү сунуш кылган себеби — айрым жалдануучулар өз милдеттерине «ат үстүнөн» мамиле кылгандыктан жаңы жолдор тез эле керектен чыгууда.

Азыр кепилдик мөөнөтү жаңы жол үчүн эки жылдан, оңдолуп чыккан жолдор үчүн бир жылдан кем эмес.