Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) Петербург метросундагы террордук чабуулдун болжолдуу уюштуруучусу, 27 жаштагы Аброр Азимовду колго түшүрдү. Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жараны болгон бул адам тууралуу эмне белгилүү?
Орусиянын атайын кызматтары Аброр Азимовду Подмосковьенин Одинцово районунда 17-апрелде колго түшүрүштү. Колго түшүрүүнүн өзүн ФКК кызматкерлери тартып калышкан — видеодо Азимовдун жанынан дүрмөттөлгөн тапанча жана смартфону жана жардыруучу түзмөктөрү бар пакет табылганы көрүнүп турат. Ыкчам кызматкерлердин «Эмнеге кармалганыңарды билип атасыңарбы?» деген суроосуна Азимов «Ооба» деп жооп берет.
«Коммерсант» басылмасынын кабарына караганда, Азимов Петербург метросунда террордук чабуул коюп өзүн жардырып жиберди деп божомолдонгон Акбаржон Жалиловдун телефондук байланыштарын атайын кызматтар изилдеп чыккандан кийин изделе баштаган.
Божомол боюнча Жалилов 15 кишинин өмүрүн алып кеткен жарылуунун алдында Азимовго телефон чалган.
ФКК Азимовго издөө жарыялагандан кийин ал өзүнүн жалдаган батирине келбей, телефондорун өчүрүп койгон. Басылманын маалымат булактары билдиргендей, Азимов бир нече смартфон жана сим-карта сатып алган. ФКК кызматкерлери ал ошолордун бирөөнү иштеткенде анын турган жерин аныктап чыгышкан.
Орусиянын Тергөө комитети Азимовду кылмыштын катышуучусу деп атап, анын террордук чабуулдагы ролун тактаган жок, бирок ФКК аны уюштуруучу катары кармады.
Азимов өзү террордук чабуул уюштуруудагы күнөөсүн моюнга алган жок.
«Камакка алынышыма каршылыгым жок. Бирок жардырууга тиешем бар деп айткан эмесмин. Менин катышкан жагым бар, бирок түздөн-түз эмес», — деп билдирди ал.
Азимовдун айтымында, ага команда берилген, бирок ал террордук чабуулга ким катышаарын билген эмес. Ким кандай команда бергени азырынча белгисиз.
КРда туулган Орусиянын жараны
Аброр Азимов (Акбаржон Жалилов сыяктуу эле) — Кыргызстанда туулган Орусия жараны. Ал Кыргызстандын түштүгүндөгү анча чоң эмес Жалал-Абад шаарында 1990-жылы туулган. 2013-жылга чейин Азимов Кыргызстандын жараны болгон, бирок кийин аны Орусиянын жарандыгына алмашкан.
«Медуза» басылмасынын маалыматына караганда, Азимовдун атасы Орусиянын, энеси Кыргызстандын жараны. Азимов өзү Орусияда 2008-жылдан бери жашайт.
«Коммерсант» билдиргендей, Орусиянын жарандыгын алганына карабастан ал Кыргызстанга орто эсеп менен жылына бир жолу келип турчу.
Петербургдагы «Фонтанка» басылмасынын жазганы боюнча, Жалилов сыяктуу эле Азимов да террордук чабуулга чейин 2016-жылдын мартында жана октябрында Түркияга барып келген. «Москвадан Стамбулга учуп барып, [Орусиянын] борборуна ал үч күндөн кийин Сеул жана Владивосток аркылуу кайтып келген», — деп жазат басылма.
Бирок Азимовдун Түркияга барышынын максаты да, анын кайсы бир террордук уюмдар менен байланышы да аныкталган эмес.
Петербургдун метросундагы жарылуу
Петербургдун метросундагы жарылуу 3-апрелде болгон. «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосундагы метронун вагонундагы жарылуунун натыйжасында 15 киши мүрт кетип, 50дөн ашуун адам жарадар болгон. Жардыруучу түзмөк вагондогу отургучтун түбүнө коюлган.
От баскычка окшоп жасалган экинчи жардыруучу түзмөк «Площадь восстания» станциясында табылып, зыянсыздандырылган.
Террордук чабуулдун болжолдуу аткаруучусу катары Кыргызстандын Ош шаарында туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Акбаржон Жалиловдун аты аталган.
«Интерфакстын» маалыматына караганда, Азимов Жалиловду «тирүү бомба» катары пайдаланган болушу ыктымал. Укук коргоо органдарындагы маалымат булагы басылмага айтканы боюнча, Жалилов жанкечти-террорчу болуп калаарын билген эмес болуш керек.
«Жалиловдун акыркы убактагы жүрүш-турушу, андан тышкары ал кийинки убакта гана радикалдуу исламдын тарапкери болгону жанкечти тууралуу сценарийге анча коошо келбейт. Андай категориядагы адамдарды атайылап жана көпкө чейин даярдашат», — дейт Жалилов жөнүндө «Интерфакс» менен сүйлөшкөндөрдүн бири.
Террордук чабуулдан кийин ФККнын башчысы Александр Бортников 11-апрелде Орусиядагы «террорчул топтордун өзөгү» — КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттар экенин билдирген.
Орус полициясы террордук чабуулга тиешеси бар деген шектенүү менен жалпысынан сегиз кишини кармады. Азырынча террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти бир да террордук уюм өзүнө ала элек.