Кара-Суунун жетекчилиги экстремизмге каршы митинг өткөрдү

Ош облусунун Кара-Суу районунун администрациясы экстремизмге каршы митинг өткөрдү. Ага жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер, студенттер жана окуучулар болуп жалпысынан 500дөн ашуун киши катышты.

Митинг 20-апрелде Оштон саналуу чакырым жерде турган Кара-Суу шаарында өттү. Митингдин башында акцияны уюштурган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

https://www.facebook.com/Barakelde/videos/1406309329412453/

Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мээрим Жороева динди «туура эмес нукта чечмелеген» агымдар пайда болгонун айтты.

«Орусия менен Түркиядагы террордук чабуулдарга бизди жарандар аралашканы өкүндүрөт. […] Бул акциянын максаты — террорчулук жана согуш адам баласына кандай кесепет алып келиши мүмкүн экенин көрсөтүү», — деди ал.

Андан кийин студенттер менен окуучулар шаардын көчөлөрүндө «Жаштар экстремизм менен терроризмге каршы», «Тынчтык — болсун, террор — жоголсун!» деген ураандар менен жөө жүрүш кылышты.

Жүрүштүн катышуучуларын кайгуул милициясы коштоп жүрдү.

«Жаштар акциясынын максаты — экстремизм менен терроризмди үгүттөөгө жол бербөө», — деди Ош облусунун ИИБиин басма сөз кызматынын өкүлү.

Кара-Суу районунун РИИБинин 10-бөлүмүнүн башчысы Руслан Омошев Сирияга Кара-Суунун 200 тургуну кеткенин, алардын ичинен мекенине 27си кайтып келгенин, алардын көпчүлүгү камакка алынганын айтты.

Авторлошу: Элмурат Асан

Сүрөт жана видео: «АКИпресс»