Акбаржон Жалилов орус жарандыгынан чыгарылды

Петербург метросундагы терактты жасады деп шектелип жаткан Акбаржон Жалилов Орусиянын жарандыгынан чыгарылды. ИИМдин билдиришинче, Жалиловдун атасы уулуна орус паспортун алуу учурунда жалган маалымат берген.

Санкт-Петербургдун Смольнинск райондук соту аныктагандай, Жалиловдун орус жарандыгын алып жатканда берген маалыматтары жалган болуп чыккан. Кайсы маалыматтардын жалган экени такталган эмес.

Орусиянын ИИМи мыйзам бузуулардан улам жардырууда каза болгон Жалиловду жарандыгынан ажыраткан. Федералдык миграциялык кызматтын Акбаржонго орус паспортун берүү боюнча чечими жокко чыгарылган.

Акбаржон Жалилов 1995-жылы Ош шаарында туулган. Атасы Орусиянын жараны болгондуктан ал 2009-жылы 14 жашында орус паспортун алган. Ошондон бери Жалилов ошол жакта жашап келген.

Метродогу теракттан кийин Мамдума терроризм үчүн айыпталган мигранттарды жарандыктан чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан.

Президент Владимир Путиндин айтымында, орусиялыктарды жарандыктан чыгарууга өлкө конституциясы жол бербейт, бирок бийлик мигранттарга Орусиянын паспортун берүү чечимин кайра чакыртып алышы мүмкүн.

Мамдума бул мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жиберген. 21-апрелде депутаттар мыйзам долбоорунун оңдолгон версиясын сунуш кылышкан.

Эми мигранттар Орусиянын конституциясын жана мыйзамдарын бузганы үчүн жарандыктарынан кол жууп калышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: