«Газета.ru»: Питердеги терактты Сирияда согушуп жүргөн Кыргызстанда туулган киши табыштаган

Орусиянын күч түзүмдөрү Санкт-Петербургдун метросундагы жардырууну табыштаган болушу мүмкүн болгон адамды аныкташкан. Ал Кыргызстандын Ош облусунда туулган жана учурда Сирияда террористтик топту жетектеп жүргөн Абу Салах аль-Узбеки каймана аттуу киши болуп чыккан.

Орусиянын тергөө комитети менен федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Петербург шаарындагы терактка Сириядагы «Таухид валь-Жихад» тобунун командири Абу Салах аль-Узбекинин тиешеси бар экени тууралуу малыматты текшерип жатышат.

Орусиядагы «Газета.ru» басылмасынын булагы кабарлагандай, Абу Салах аль-Узбеки — кайсы бир убактарда Ош облусундагы жашап кеткен этникалык өзбек болуп саналат.

Сирияга кеткенге чейин ал Санкт-Петербургда жашап, «Газель» айдап иштеген, андан соң досунан акча алып Иорданиядагы медреседе билим алуу үчүн кеткен.

ФСБнын башчысы Александр Бортников журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, терактты «табыштаган киши дээрлик такталып калганын» билдирген.

«Расмий берилген маалыматтардын баары террористтердин Питер метрополитениндеги актты даярдаганын күбөлөндүрөт. Силерди окуянын өнүгүшүнө байланыштуу кабардар кылып турабыз», — деген ФСБнын башчысы.

Бирок табыштаган киши тууралуу тергөө комитетинен да, ФСБдан да маалымат келген эмес. Ошондой эле бир да террористтик топ метродогу жардырууга жоопкерчилик алган эмес.

Исломжон Захидов.

Аль-Узбеки туурасында маалымат өтө аз. Укук коргоо органдары анын өз атын таба албай жатышат. Ал жөнүндө айрым маалыматтарды Кыргызстанда туулган жана Москва аскердик соту тарабынан 2017-жылдын февралында камалган 19 жаштагы Исломжон Захидов айтып берген.

Захидов Абу Салах аль-Узбекиге медреседе окуу үчүн акча берген досунун уулу болуп чыккан. Садыкжон Захидов уулу жана кызы менен бирге Кыргызстандан 2008-жылы чыгып Орусияга кетип калган. Ал террористтик ишмердүүлүк менен алектенип, ага уулун да тарткан.

Садыкжон Захидов ишкердик менен алектенип, аль-Узбеки болсо анда айдоочу болуп иштеген. Алар ошентип дос болуп калышкан.

Абу Салах Сирияда чоң талаа командирине айлангандан кийин Садыкжон Захидов анын эң жакын жардамчыларынын бири болуп калган.

Петербургдун метросундагы жарылуу

Петербургдун метросундагы террордук чабуул 3-апрелде болгон. «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда вагон жарылган. Анын айынан 15 киши мүрт кетип, 50дөн ашуун киши жаракат алган.

Экинчи жардыруучу түзмөк жарылганга чейин «Площадь восстания» станциясында табылып, зыянсыздандырылган. Ал от баскычка окшоштурулуп жасалган.

Террордук чабуул уюштуруу боюнча жарылуу учурунда курман болгон Акбаржон Жалиловду да күнөөлөшкөн. Ал Кыргызстанда туулуп, Орусиянын жарандыгын алып, акыркы алты жылда ошол жакта жашаган.

Терактты уюштуруу боюнча шектелип Орусиянын атайын кызматтары тарабынан кыргызстандыктар Аброр жана Акрам Азимовдор камалган. Атайын кызматтын версиясы боюнча, Аброр Азимов Жалиловду «жандуу бомба» катары колдонгон болушу мүмкүн.

Андан тышкары тергөө комитети терактка тиешеси бар деген шек менен дагы он адамды кармаган. Террористтик топтор менен байланышы бар деп шектелген борбордук азиялыктарды кармоо Орусия боюнча жүрүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: