«Душман босогодо»: «Биринчи канал» Кыргызстанда экстремисттерди тартуу боюнча эмнелерди айтып берди?

Орусиянын «Биринчи каналы» Кыргызстанда «исламдын көтөрүлүшүнө» арналган 15 мүнөттүк сюжет чыгарды. Кыргызстандын өзүндө репортаж ар кандай мамилеге туш болду.

"Биринчи каналдын" сюжети Кыргызстанда экстремисттерди азгырууга арналып, "Душман босогодо" деп аталат.

Сюжет 23-апрелде чыгарылып, Орусиянын «Биринчи каналында» көрсөтүлгөн. Сюжетти көрсөтөөрдө диктор Валерий Фадеев акыркы жумада Орусиянын атайын кызматтары террордук чабуулдарды даярдап, жаштарды тартып жүргөн жоочуларды «кармап алып жок кылышканын» айтат.

 

«Биринчи каналдын» Кыргызстан жөнүндө сюжети.

Андан ары Фадеев кармалгандардын баары Борбор Азияда туулуп-өсүшкөнүн ал жактагы өлкөлөрдөн Орусияга келген мигранттардын «зор» агымы менен байланыштырат.

Диктор Борбор Азиядан чыккан миңдеген адамдар тыюу салынган экстремисттик «Ислам мамлекети» (ИГИЛ) тобунун катарында согушуп жүрүшкөнүн эске салат. Бирок андан кийин Фадеев «ал өлкөлөрдөн тосулуп жашаган мүмкүн эмес» экенин айтып, ЕАЭБ мамлекеттерине террорчулук маселесин чогуу чечүүнү сунуш кылат. Ошол сөздөрдөн кийин диктор сюжеттин өзүнө өтөт.

«ИГИЛдин мурдагы мүчөлөрү менен» маек

Журналист Георгий Олисашвилинин «Душман босогодо» аттуу репортажы Борбор Азияда радикалдуу топторго адамдарды тартууга арналган, бирок сюжеттин баары Кыргызстандын түштүгүнөн тартылат. Репортаж «ИГИЛдин мурдагы мүчөлөрү» катары камалып чыккан эки киши менен маектешүүдөн башталат.

Адегенде алыска каттаган айдоочу Бабур көрсөтүлөт — ал Түркияга «балдар менен иштегени барып», андан ары Сирияга түшүп калганын айтат. Кийин кадрда Халил пайда болуп, Сирияда болгонун, бирок согушка катышпай эле экстремисттерге тамак жасап бергенин кеп кылат.

«Интернет-формдун администраторунан Сириядагы мусулмандарга жардам керек экенин билдим. Ал жакка бардым. Согушкан эмесмин, тамагын жасап бергенмин», — дейт Халил.

Халил сюжетте «ИГИЛдин мурдагы мүчөсү» деп аталат.

Сюжеттин үчүнчү каарманы, «Жебхат ан-Нусранын» мүчөсү катары сөз болгон Исмаилжан Мамажанов «эч качан ислам фанаты» болбогонун жана өзү «иш жүзүндө пацифист» экенин айтат.

«Пацифист» деген сөздөн кийин Олисашвили анын «өзү да күлкүсү келип кеткенин» кошумчалап, Сириядагы кадрлардан кийин Мамажанов «пацифисттик көз карашын унутуп», «эрдик кылгысы келгенин» баяндайт.

Журналист үч кейипкер менен маегин «Ошто мындай окуялар жүздөп саналат» деп жыйынтыктайт.

Азгыруу

Сюжеттин аракети мечитке өтүп, ал жакта намаз окулуп жаткан болот. Олисашвили ислам Ошто «маданияттын бөлүгү гана эмес, жарашык» экенин айтат.

Андан соң журналист «адамдарды азгырганы үчүн» соттолгон Эмир менен маектешип, ал элди радикалдык кыймылдарга жалпы намаздан кийин тартаарын түшүндүрөт.

«Биз мечитке чогуу барабыз, бир нерсе айтып берип аткан болобуз, анан мен мисалы, имам айткан нерседен бир нерсени ашыра айтам. Исламда ушундай дейм, ошондой мисал, ошондой хадис бар, пайгамбарыбыздын тушунда ошондой болгон деп коем. Албетте, бул маалыматсыздык. Алар аны каяктан билсе болоорун [сурашат]. [Мен болсо:] “Мен эле үйрөтөм. Сени тааныштырып койсом болот” деп жооп берем»,— дейт жүзү көрсөтүлбөгөн «азгыруучу» Эмир.

«Адамдарды азгырганы үчүн соттолгон» Эмирдин бети көрсөтүлгөн эмес.

Эмирдин ордун колониядан тартылган видеокатар алмаштырат — Олисашвили экстремизм үчүн соттолгондор башкаларды азгырбашы үчүн түрмөдөгүлөр аларды өзүнчө камераларда кармоого аргасыз болуп жатышканын айтат.

Андан кийин Турабаевдердин үй-бүлөсү менен баарлашуу болот, алар кызы Барчынай Сирияга кетип бир нече жолу эрге тийгенин айтышат. Барчынайдын Кыргызстанда калган кызы журналисттин «Апаңды сагындыбы?» деген сөзүнө баш ийкейт. Барчынайдын атасы кызынын тирүү кайтаарына ишенбейт.

Андан кийин өзбектер жашаган Оштун чарчысы көрсөтүлөт. Репортер Олисашвилинин айтымында, кыргызстандык өзбектер «тарыхый жактан динге жакыныраак» — өз эрежелери менен жашап, өз мечиттерин салышат.

«Андыктан чарчыдагы жаштар үчүн ар кандай багыттагы экстремисттер кадимкидей эле согушат. Петербург метросундагы жанкечти Акбар Жалилов так ушул жерден», — дейт журналист.

Азимовдордун үй-бүлөсү менен маектешүү

Сюжеттин автору Петербург метросундагы террордук чабуулга шектүү катары кармалган, Кыргызстанда туулган Аброр жана Акрам Азимовдордун үй-бүлөсү менен да маектешкен.

Иниси Билол Азимов журналистке агасы Акрам Түркияга барып товар сатып жүргөнүн, бирок эмне товар экенин билбесин айтат. Олисашвили туугандары «Акрам тууралуу көп нерсе билбеши мүмкүн» дейт.

Бир туугандардын энеси Акрам Оштун ооруканасында дарыланып жатканда аны кыргыз атайын кызматынын өкүлдөрү алып кетишкенин айтат. Андан кийин ал уулун Орусияда кармалгандан кийин гана сыналгы аркылуу көргөн.

Өз сөзүнө далил катары Азимовдун энеси журналистке ооруканадан жазылган чыгартманы көрсөтөт, ал жерде Акрам качан дарыланып жатканы жазылган. Чыгартманын өзү жөнүндө сюжетте эч нерсе айтылбайт.

Орусиянын жарандыгы жана паспорттор

Олисашвили бир тууган Азимовдор жана болжолдуу террорчу-жанкечти Акбаржон Жалилов «жалган документтерди берип» Орусиянын жарандыгын алганына ишенет.

Андан ары журналисттер өзүнө Стамбулда жасалма паспорт сатып алып, Украинага учуп келип, ал жактан Орусияга барган «ИГИЛдин мурдагы жоочусу» менен маекти көрсөтүшөт.

Олисашвили «ИГИЛ менен кызматташкандардын документ жагынан маселеси болбойт» деген ишенимде.

Турабаевдердин үй-бүлөсү Барчынай кызы менен түшкөн сүрөттү көрсөтүп жатышат.

Сюжеттеги акыркы респондент — КМШ мамлекеттеринин Террорго каршы борборунун жетекчиси Андрей Новиков. Ал жоочулар коркунучтуу экенин, анткени «чакан жардыруу согушуна» кынык алышканын айтат.

«Кимдир-бирөө идеологиядан жана башкалардан көңүлү калып, мындайча айтканда таза ниети менен келет, кимдир-бирөө таптакыр башка ниети менен, каапырларга каршы күрөшү, террордук чабуул коюшу менен келет», — деп жыйынтыктайт ал.

«Душман босогодо» сюжети Олисашвилинин корутундусу менен аяктайт — журналист эгерде Кыргызстан менен Түркия көбүрөөк аракет кылышса Петербургдагы террордук чабуул болмок эмес деп эсептейт.

«Бишкектегилер Жалилов чет өлкөдө жердештеринин кимиси менен баарлашып жүргөнүн билишсе Петербургдагы террордук чабуул болмок эмес. Москвага анын Түркиядагы иштери тууралуу кабар берилсе. Анкара акыр аягы Сирия менен чек арасындагы жыртыкты жапса», — деп эсептейт репортер.

Реакция

Кыргыз парламентинин депутаты Мыктыбек Абдылдаев бул сюжет Кыргызстандын дарегине «терс көз карашты пайда кылат» деген пикирде. Ал Кыргызстандын ТИМи мындай берүүлөргө «ыкчам чара көрүшү керек» экенин айтты.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Орусиянын расмий адамдары сюжетте айтылган «саясатты колдобой турганын» билдирди.

«Заноза» басылмасы сурамжылаган эксперттердин пикири ар башка болуп чыкты.

Саясат таануучу Игорь Шестаков бир нече адамдын мисалында аймак тууралуу жалпы жыйынтык чыгаруу калыстыкка жакпайт деген ойдо. «Орусиянын айрым ЖМКларынан итиркейим келе баштайт. Азыр алар кылып жаткан нерсе бир кишинин чаңырыгына окшоп турат», — дейт ал.

«Регнум» басылмасынын Кыргызстан боюнча шеф-редактору Григорий Михайлов сыналгыдагы сюжеттерди көңүлгө албай, тышкы душманды издөө аракетине шылтоо кылып койсо деле болот деп эсептейт, бирок ал сюжетте айтылгандардын жок дегенде көпчүлүк бөлүгү чындык экенин кошумчалады. «Коркунуч даана, аны менен күрөшүш керек», — деди ал.

Саясат таануучу Эдил Осмонбетов Орусиянын бийлиги өзү геосаясатта өнөктөштөрдү издеп жаткан шартта орусиялык ЖМКлар Кыргызстанга каршы «кадимки эле медиа-согуш» жүргүзүп жатышканын айтты.

«Бирок [ЖМКлар] айрым адамдар эмне үчүн орус жарандыгын ушунчалык тез алып жатышканын эмнеге сурашпайт? Баарына бирдей доомат койгон болмок беле? Адамдардын көпчүлүгү ИГИЛга дал ошол Орусиядан тартылаары далилденген. Мамлекеттер жалпы душманга каршы биригиши керек», — дейт Осмонбетов.