Баткендин жетекчилиги айгүлдү жулуп алып сүрөткө түшкөн кишилерди издеп жатат

Баткен токой чарбасынын директору Калык Кимсанов ал жетектеген мекеме Кызыл китепке кирген айгүл менен сүрөткө түшкөн кишилерди издей турганын билдирди. Жакынкы күндөрү коомдук түйүндөрдө эки жаш кыз жана бир аял түбү менен жулуган айгүлдөрдү колунда кармап турган сүрөт тарап кеткен.

Токой чарбасынын директору Калык Кимсанов Kloop.kgге коомдук түйүндөрдө таратылган сүрөттөр менен милицияга кайрылганын билдирди.

«Адатта күнөөкөрдү табыш кыйын болот. Айрым адамдар үзүлгөн гүлдөрдү жерден алып сүрөткө түшүшү мүмкүн», — дейт Кимсанов.

Анын айтымында, гүлдөр жулунган тоонун бети Суу-Башы айыл аймагына карайт. Ал жерде сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жергиликтүү бийликтин күчү менен гана корголот.

Айгүл баарынан көп өскөн жер Кара-Булак аймагында. Ал жерде алар тосулуп, кайгуул милиция кызматкерлери жана жергиликтүү окуучулар тарабынан корголот.

Ал айгүлдү жулуп алгандар ар бир гүл үчүн 4500 сом штраф төлөөрүн билдирди.

«Гүлдөр жулунганын далилдээрибиз менен штраф салабыз. Кайсы жерде жулунганын табышыбыз керек», — деди Кимсанов.

Кимсановдун айтымында, токой чарбасынын кызматчылары бул гүлдөр өскөн Айгүл-Таш тоосунда жулунган гүлдөрдү далай жолу табышкан.

«Биз тоодо жулунган айгүлдөрдү көрдүк. Адамдар тоого чыгып, гүлдү үзүп алып, сүрөткө түшгүп, анан ошол жакта таштап коюшат», — деп кейиди ал.

Айгүлдүн абдан чоң букеттерин кармап алып түшкөн аял менен кыздын сүрөттөрү Интернетте 2-майда тараган.

https://www.facebook.com/murza.dobutov/posts/1256745104444424

Коомдук түйүндөрдү колдонуучулар сүрөттө тамыры менен жулунган гүлдөрдүн букетин кармап турган кыздын аккаунтун таап чыгышты.

Айгүл өтө сейрек өсүмдүк. Ал Кыргызстандын Баткен облусунун бир гана тоосунда жана Түркстан тоо кыркасында гана өсөт.

Анын уругу отургузулгандан баштап жети жылдан кийин гана өнүп, жылына бир жолу — апрелде гана гүлдөйт.

Айгүл Кыргызстандын Кызыл китебине «Эдуард чили» деген ат менен кирген. Баткен облусунун жакынкы Кара-Булак айылынын тургундары эч ким гүлдөрдү үзүп кетпеши үчүн жакшылап көз салып турушат.