«Ала-Арча» паркында студент кызга таш түшүп каза болду

Медициналык академиясынын студентине «Ала-Арча» жаратылыш паркында таш кулап түшүп набыт болду. Ал куткаруучулар жетип келгенден кийин көз жумган.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 3-курсунун студенти достору менен «Ала-Арча» паркына 5-май күнү кечинде барышкан.

Студент кыз тоого чыгып жатканда ага таш кулап түшкөн.

Каза болгон кыздын достору ӨКМге айтып беришкендей, тоодо уюк байланышы тарткан эмес. Аларга эки жакка бөлүнүшкө туура келген.

Алардын бир бөлүгү жарат алган кыз менен калган болсо, дагы бир бөлүгү жардам издеп кетишкен.

«Ага бир эле таш кулап түшкөн. Куткаруучулардын бригадасы жетип барганда ал эс учун жоготкон эмес болчу жана тамыры согуп турган, бирок кийин эле көз жумган», — деди ӨКМнин басма сөз борборунун кызматкери Элмира Шерипова.