Франция өз президентин тандайт: Макронбу же Ле Пенби?

Бүгүн кечинде Франциядагы президенттик шайлоолордун алдын ала жыйынтыктары белгилүү болуп калат. Күрөш эки талапкердин: мурдагы банкир Эммануэль Макрон менен оңчул «Улуттук фронттун» башчысы Марин Ле Пендин ортосунда жүрмөкчү.

Добуш берүүнүн биринчи баскычынан кийин Эммануэль Макрон менен Марин Ле Пен экинчи турган өтүшкөн. Франциялыктар «Банкирге да эмес, расистке да эмес» деген ураандар менен митингдерге чыгышып, саясатчылардын талапкерлигин алып салууну талап кылышкан.

Францияда 7-май күнү президенттик шайлоолордун экинчи баскычы үчүн добуш берүү участкалары ачылган. Бул участкалар саат 19:00дө жабылат, бул убакка чейин экзит-поллдордун натыйжалары белгилүү болуп калышы керек. Добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын расмий түрдө 11-майда жарыялашканы менен бирок иш жүзүндө жеңүүчүнүн аты эрте эле белгилүү болуп калат.

Франциянын азыркы президенти Франсуа Олланд шайлоого катышып, өз добушун берген. Ал мурдараак Эммануэль Макронду колдоорун айткан болчу.

Талапкерлер

Эммануэль Макрон — 39 жаштагы банкир, Франциянын эң жаш министри болгон, а балким өлкөнүн эң жаш президенти болуп калышы да ыктымал. Ал 2016-жылдын апрелинде өзүнүн жеке «Алга!» аттуу прогрессивдүү кыймылын түптөгөн.

Макрон Евробиримдикти колдойт, ошондуктан саясий талаштарда анын каршылашы Марин Ле Пен аны Меркелдин адамы деп атайт. Өзүнүн шайлоо алдындагы үгүт иштеринде жаш саясатчы Макрон аз киреше алган кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга, милдеттүү медициналык камсыздоого кирген кызматтарды көбөйтүүгө, мугалимдер менен полиция кызматкерлеринин санын көбөйтүүгө, ал эми жакшы жашаган жарандардын салыгын азайтууга жана бюджеттик сектордогу 120 миң жумуш ордун жоюуга убада берген.

Таразанын экинчи жагында болсо Марин Ле Пен турат. Ал франциялыктарга улутчулдукка негизделген жана иммиграцияга каршы программаны сунуштап жатат. Ал евродон баш тартууну жана Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн мүчөлүгү тууралуу референдум өткөрүүнү каалайт.

Марин Ле Пен саясатчылардын үй-бүлөсүнөн чыккан. Анын атасы Жан Мари Ле Пен дагы Франциянын президенттигине ат салышкан саясатчылардын бири. «Улуттук фронт» кыймылы ага «мураска калган», анткени бул кыймылды мурда атасы жетектеп келген болчу.

Буга чейин Марин Ле Пен 2012-жылы да президенттик кызматка ат салышып, анда шайлоодо Француа Олланд жеңип чыккан.

Ле Пенге каршы нааразычылыктар

Ле Пен добуш бериши керек болгон Энен-Бомон коммунасындагы шайлоо участкасында Femen кыймылынан активист кыз-келиндер нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Жарым жылаңач беш аял «Бийликте Марин, Марианна айласыз» деген көрнөктөр менен чыгышкан.

«Le Figaro» басылмасы белгилегендей, Марианна — улуттук «эркиндик, теңдик жана бир туугандык» ураанын билдирген Франциянын символу. Марин Ле Пенге каршы акция өткөргөн кыз-келиндер камакка алынган.

Мурда социалдык сурамжылоолор жана байкоочулар Макрон жеңишке жетет деп кепилдик берип жатышкан. Бирок аналитиктердин ою боюнча, адамдардын шайлоого аз келиши анын жеңишке жетүү шансын бир топ эле азайтышы мүмкүн.

Учурда добуш берүү уланып жатат.

Би-Би-Синин маалыматы боюнча, добуш бергенден кийин талапкерлер Париждеги өз тарапкерлеринин митингдерине чыгып сөз сүйлөшөт.