Бишкек: Бир топ киши кафенин жанында атыша кетти

9-майга караган түнү Бишкектеги «Деревяшка» кафесинин жанында беш киши кер-мур айтыша кетип, анысы атышуу менен бүттү. Азыр коомдук тартипти бузгандардын баары ооруканада жатат.

Башкалаанын милициясы кабарлагандай, эркектер «Деревяшка» кафесинин жанында түнкү саат үчтө уруша башташкан.

«“Деревяшка” кафесинин жанында беш-алтоо уруша кетишкен. Натыйжада бирөө экинчисин бутка аткан», — дешти Kloop.kgге ШИИБ өкүлдөрү.

Милиция мушташуп жатып атыша кеткендердин өздүгүн аныктады. Алардын баары ар кандай жаракат алып ооруканада жатышат.

ШИИБ окуянын чоо-жайын териштирип жатат.