КММАнын аппарат башчысынын өлүмү: УКМК кызматкерлеринин иши боюнча сот кайра токтотулду

Медакадемиянын аппарат башчысы Абдикарим Гапаровду 2016-жылдын февралында кармаган УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлеринин иши боюнча сот кайрадан токтотулду. Кармоо учурунда Гапаров көз жумган.

Медакадемиянын аппарат башчысы Абдикарим Гапаров 30 миң сом пара тооруп жатат деген шектенүү менен кармалып жатканда 25-февралда көз жумган.

Анн туугандары сотко кайрылып, аны колго түшүрүү менен алек болгон УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышкан.

Бирок анын туугандарынын юристи Абаз Мамбетакунов иштин материлдары сотко 2016-жылдын августунда эле өткөрүлгөнүнө карабай, териштирүү улам эле кийинкиге калтырылып же токтотулуп жатканын билдирди.

Ишти Аскердик соттун коллегиясы карашы керек болчу. Бирок ал таратылгандан кийин документтер Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлгөн.

Иш сотчу Кымбат Архаровага берилген. Сот процесси токтотулуп, эми ал айып коюудан баштап кайра башталат. Биринчи отурум 17-майда өткөрүлмөк.

Гапаровдун кармалышы

Абдикарим Гапаров

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү КММАнын аппарат башчысы пара тооруп жатат деген жарандын арызы менен Гапаровду колго түшүрмөкчү болушкан.

Кайрылган кишинин арызы боюнча Гапаров андан жогорку окуу жайынын аймагында аянтчаны ижарага бергени үчүн пара иретинде 30 миң сом сураган.

Арыз боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара тоорумай» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Гапаров 2016-жылдын 25-февралында УКМК ККК өкүлдөрү тарабынан колго түшүрүлүп жаткан учурда көз жумган.

Мекемедегилер ага баштапкы медициналык жардам көрсөтулгөнүн, бирок ал баары бир окуя болгон жерде көз жумганын айтып жатышат. Анын өлүмүнүн себеби катар жүрөгү токтоп калганы айтылган.

Гапаровдун туугандары жана кесиптештери анын пара тооруганына ишенишпейт жана укук сакчылары мыйзамды бузуп аракеттенишкен деп эсептешет — анткени Гапаровдун кийими айрылып, эти көгала болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: