Милиция Бишкектеги кафеде ок аткан кишинин өздүгүн аныктады

Бишкек ШИИБнин кызматкерлери «Деревяшка» кафесинин жанында ок аткан кишинин өздүгүн аныктады. Ал азыр ооруканада жатат, милиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө.


Ок аткан кишинин айтымында мушташ учурунда ал куралын өзүн коргош үчүн колдонгон.

Милиция ал кишинин травматикалык курал алып жүрүүгө лицензиясы болгонун, эки тарап тең арыз жазганын билдирди.

«Биздин кызматкерлер аны менен кошо ооруканада жүрүшөт, чатактын так себеби азырынча белгисиз, биз тешкерип жатабыз», — деп билдирди ШИИБдин басма сөз кызматы.

9-майга караган түнү беш киши Бишкекте Рыскулов көчөсүндөгү «Деревяшка» кафесинин жанында кер-мур айтыша кетип, ал ок атуу менен аяктаган.

Милициянын билдирүүсү боюнча, мушташ түнкү саат 3тө чыккан. Алардын бири экинчисин бутка атып жиберген.

Аткан киши жана мушташтын калган катышуучулары ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген.


ТЕМА БОЮНЧА: