Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азиянын чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алтын утуп алды. Финалдык беттеште ал индиялык атаандашын 6:0 эсебинде жеңген.

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалында жеңишти багынтты. Ал 58 кг чейинки салмакта күч сынашкан.

Чейрек финалда Тыныбекова казакстандык спортчу Гүлшахарат Талассованын 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алган.

½ финалда болсо Тыныбекова жапониялык Кацуки Сакагами менен беттешкен. Тыныбекова аны да 6:4 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңип чыккан.

Финалда Тыныбекованын атаандашы турнир ээси индиялык Сарита Сарита болгон. Кыргыз спортчусу аны да оңой эле жеңгенден кийин (6:0), Азия чемпионатынын алтын медалына ээ болгон.

Бул Азия чемпионатындагы Тыныбекованын экинчи жеңиши. Өзүнүн алгачкы алтын байгесин ал былтыр багынтып, Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарына Азия чемпиондугун аталгандан кийин барган болчу.

Олимпиада оюндарынын финалында ал коло байгеге болгон беттеште индиялык Сакши Маликтен жеңилип калган. 2017-жылдагы Азия чемпионатында Малик 60 кг чейинки салмакта күч сынашкан. Финалдык беттеште Олимпиаданын коло байгесин утуп алган Малик жапониялык Рисако Каваиден 0:10 эсебинде утулуп калган.

Чемпионаттын акыркы күнүндө Кыргызстандын курамасынын капчыгы коло медал менен толукталып калышы мүмкүн. 97 кг чейинки салмакта күч сынашып жаткан Магомед Мусаев монголиялык атаандашы менен коло байге үчүн күч сынашмакчы.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Индиянын Нью-Дели шаарында 10-майда башталып, 14-майда аяктайт.

Сүрөт: Денис Богачов/Бишкекчанка