Глобалдык фонд 2018-жылы Кыргызстанда АИТВ менен күрөштү каржылоону токтотот

Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлүк демөөрчүлөр АИТВ (адамдын иммун тартыштык вирусу) оорусунун алдын алуунун жана дарылоонун каржыланышын эки эсе азайтканын билдирди. Мекемеге АИТВ менен күрөш үчүн жылына 1,8 миллион доллар жетишпейт.

Саламаттык сактоо министрлиги өкмөттөн АИТВ-инфекциянын алдын алуу жана дарылоо боюнча программаны каржылоону көбөйтүүнү суранууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Горин эл аралык уюмдар АИТВ-инфекция менен күрөштө демөөрчүлүк жардамын азайтып жатышканына кабатыр. Анын айтымында, алдын алуу программаларынын 90 пайызга жакыны демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланып келген.

Горин Кыргызстанга жиберилген бардык демөөрчүлүк жардамдын 80 пайызы СПИД менен күрөш боюнча глобалдык фонддон келип жүргөнүн айтты.

Бирок Глобалдык фонд 2013-жылдан тартып акырындап Кыргызстанда АИТВ менен күрөшкө бөлгөн акчасын азайта баштаган.

Эгерде 2013-жылы Кыргызстан 7,5 миллион доллар алса, 2017-жылы болгону 3,5 миллион доллар алган.

2018-жылы Глобалдык фонд бул тармакты каржылоону токтотууну пландап жатат, АИТВ жугузуунун алдын алуу жана аны менен ооруган кишилерди дарылоо мамлекеттик карамагына өтөт.

«Мурда биз демөөрчүлөрдүн жардамы менен АИТВ эпидемиясын кармап келгенбиз. Эгерде мамлекет азыр чукул чара көрбөсө көптөгөн оорукчандар жөн гана өлүп калат», — деп билдирди Горин.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Айбар Султангазиевдин айтымында, азыркыдай жагдайда 2020-жылы АИТВ-инфекциясы бар 5600 киши жан берип, 20 миңден ашуун адам ооруну жугузуп алышы мүмкүн.

Султангазиев эмитен чара көрүлбөсө эпидемия коркунучтуу баскычына жетип, инфекция кооптуу топтордон тышкары тарай баштайт деп эсептейт.

«Азыр деле Кыргызстан АИТВ жугузган кишилери эң бат көбөйүп бараткан жети өлкөнүн тизмесинде турат», — деди ал.

Өкмөттүк аппараттын социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти Анара Ешходжаева АИТВ-инфекцияны жеңип чыгуунун бирден-бир жолу калк арасында алдын алуу иштерин жүргүзүү экенин айтты.

«Биринчи иретте калктын кооптуу катмарлары: сойкулар, баңгилер, мигранттар, ЛГБТ өкүлдөрү боюнча кам көрүш керек», — деди Ешходжаева.

Расмий маалыматтар боюнча, 2017-жылдын башына карата Кыргызстанда АИТВ-инфекция жуккан 7 117 учур катталган, анын ичинде 14 жашка чейинки 587 балага ушул оору жуккан.

АИТВ-инфекциясы бар 5 миң 553 киши, анын иичнде 580 бала жашап келатат.

Сүрөт: ТАСС