Төрт айдан бери көп батирлүү «1000 түркүн» үйүнүн жашоочулары Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү курулуштун тургузулушуна каршы арызданып келатышат. Алар курулушка макулдук бербегендигин айтып жатышат. Kloop.kgнин кабарчысы ишти изилдеп чыгып, коюлган кол белгилердин бир бөлүгү жасалма экенин аныктады.

№127 үй Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү Чүй проспектинде жайгашкан. Бул үйдө жашаган бишкектиктин айтымында, бул көп батирлүү үй жана бул район ошол жерде жайгашкан «1000 түркүн» соода борборунун аты менен аталып калган.

2016-жылдын декабрында «Кербен» чачтарачынын ээси бул үйгө кошуп курулуш тургузуп киргени тургундардын нааразылыгын жараткан. Курулуш иштеринин жүрүшүндө өсүмдүктөр, бак-дарактар жоголгон.

Бул үйдүн тургундары чачтарачка кошумча курулуш тургузулушуна макулдук беришпегенин айтып жатышат. Алардын айтымында, алар курулушка макулдук бермек тургай ал тууралуу билишкен да эмес.

Бирок документтерде бул үйдүн дээрлик бардык жашоочуларынын — 203түн ичинен 201 тургундун — коюлган колдору турат.

Kloop.kg сурамжылоо жүргүзгөн жашоочулардын айтымдарында, ар бир тургундан макулдук алуу иш жүзүндө мүмкүн эмес болчу, анткени батир ээлеринин бир бөлүгү башка жакка көчүп кеткен болсо, айрымдары мурда эле каза болгон, ал эми калгандары батирлерде өздөрү жашабай эле ижарага берип коюшкан.

«Бул коркунучтуу абал. Баары подъезддин урашын күтүп эле тургандай. Биздин үйүбүз менен жашоочуларды куткара турган адамдар чыкса жакшы болот эле. Баары декабрдын аягында башталган. Үйдүн алдында 30 жылдан бери турган даракты кыйып салганда байкап калып, кантип булар ушуга барышты деп ыйладым» — деди бул үйдүн жашоочусу Тамара Поляк.

Үйдүн башкаруучусу Элмира Нурмамбетованын оюнча, жашоочулардын кол белгилери башка документтерден, мисалы үй комитетин шайлоо протоколдорунан алынып, жасалма коюлган болушу мүмкүн.

«100 пайызга макул болгондор эч качан болгон эмес. Керек болсо качан мен үй комитети болуп шайланып атканда ашып кетсе үйдүн жашоочуларынан 170 кол белги топтогом, ал эми бул жерде болсо баары макул. Курулуш бригадасынын уруксат кагазында мурда эле кетип калган, көз жумгандардын колдору турат», — дейт ал.

Бул үйдүн жашоочусу Натаниэль Богубаевдин айтымында, документте анын 2014-жылы каза болгон чоң атасы Сатвиктин колу турат. Натаниэль Kloop.kgге чоң атасынын кол белгисинин үлгүсүн көрсөттү, ал документтеги кол белгиден айырмаланып турат.

Маркум Богубаевдин өз кол белгиси.
Жасалма кол белгилер.

«Чоң атам үч жыл мурда каза болгон, ошон үчүн ал эч кандай документтерге кол койгон болушу мүмкүн эмес. Мен дагы, апам дагы эч кандай кол койгон эмеспиз», — деди ал.

№ 151 батирдин жашоочусу Мосевнина Л.Г., кошуналарынын айтымында, беш жыл мурда каза болгон. Анын туугандарынын ичинен Москвага кеткен бир уулу бар болуп чыккан.

«Эшиктин жылчыгынан карай турган болсоңор, батир бош, өтө начар абалда турганын көрөсүңөр. Бул жерде жашаган аял катуу ооруп, төрт-беш жыл мурда көз жумган», — деп айтып берди маркум аялдын кошуналарынын бири.

Экспертиза: Кол белгилердин бир бөлүгү — жасалма

Kloop.kgнин кабарчысы кол жазмаларды изилдеген эксперттерге кайрылып, курулушка макулдук берген жашоочулардын колдору коюлган документтердин көчүрмөсүн изилдеп чыгышын өтүндү.

Экспертиза үчүн изилдөөгө макулдук берген жашоочулардын колдорунун үлгүлөрү пайдаланылды. Сурамжылоодон кийин документте колдору коюлган алты киши макулдук берди.

«Атайын изилдөө институтунун» экспертизасынын натыйжалары боюнча адис корутундулагандай, колдор бул алты киши тарабынан эмес, башка адамдар тарабынан коюлган болушу мүмкүн.

Кол жазмаларды изилдеген эксперттердин бири Светлана Черноус документ жасалма деп ишенет. Документтин биринчи эле бетинен ал ондон ашык жасалма кол белгилерди тапкан.

«Расмий экспертизадан тышкары муну айтып коёюн: айрым кол белгилер "акылдан айныгандай" ойдон чыгарылган. Бул жерде аябай көп жасалма нерсе бар, документтин үстүнөн жакшы иштешиптир. "Макул" деген тилкени карай турган болсок, айрым кол жазмалардын окшош экенин байкаганга болот», — деди эксперт.

Эксперттер жасалмалуулук боюнча так корутунду чыгарып бере алышкан жок, анткени экспертиза документтердин түп нускасынын эмес, көчүрмөсүнүн негизинде жүргүзүлгөн.

«Биз болжолдуу жыйынтык чыгардык, анткени көчүрмөнүн үстүнөн иштедик. Корутундуда кол белгилер балким үчүнчү жактар тарабынан коюлган болушу мүмкүн деп жазылат. Бирок экспертизадан тышкары мунун жасалма экенин ишеничтүү айта алам», — деди Черноус.

«Жасалмадан» бийликтин ырастоосуна чейин

Бишкек мэриясынын жер ресурстары боюнча башкармалыгы 2014-жылдын февралында эле №127 үйгө кошумча курулуш баштоо үчүн жашоочулардын «100 пайыздык макулдугу» керек деген шарт койгон.

2016-жылы жашоочулардын кол белгилеринин тизмеси Бишкектин жетекчилигине берилип, андан соң мэрия курулушка уруксат берген.

Курулуш башталаары менен жашоочулар ар кайсы мамлекеттик органдарга — Башкы прокуратурага, мэрияга, шаардык кеңешке жана милицияга — кошумча курулуштун токтотулушун талап кылып кайрыла башташкан.

Бирок милициядагылар кылмыш курамын таппагандыктан документтердин жасалмалуулугу боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып коюшкан. Бишкектин Свердлов РИИБинин тергөөчүсү Урмат Токтогонов курулуштун ээсинин бийликтен алган уруксат кагаздары бар экенине шылтап койгон.

Маселени сот аркылуу чечүү аракеттери да ийгиликсиз болгон. Жашоочулардын менчик укугун талап кылып жазган арыздарын үч жолу кабыл албай коюшкан.

Курулуш улантылып жатат.

Бишкекбашкыархитектура курулушту токтотууга январда токтом чыгарган, бирок жашоочулардын айтымында, тыюу салынганына карабастан курулуш улантылып жатат. Жашоочулар курулуш турак-жайдын конструкциясына зыян келтирет деп коркуп жатышат.

«Үйдүн композициясы жакшырат»

Куруучулардын ишендиргени боюнча, кошумча курулуш үйгө зыян тийгизбейт. Тургундар эмне үчүн нааразы болуп жатканын алар түшүнө албайт, анткени бул үйгө кошумча бир нече дүкөн жана кафелер эбак эле курулган дешет.

Бригадир Асылбек Жумабаев Kloop.kgнин журналисттерине кошумча курулуш «үйдүн композициясын жакшыртаарын» гана айтты.

«Үй урап кетет деп коркууга негиз жок. Документтерибиздин баары жакшы. Бул жердеги доо бизге коюлбашы керек. Документтерге байланыштуу иштерди бизге табыштама бергендер чечкен. Биз болгону субжалдануучубуз», — деди ал.

«Кербен» чачтарачкананын ээси Евгений Цойдун айтмында, курулуш боюнча «документтер жайында», бирок ал курулуш үчүн жашоочулардан өзү кол топтобогонун кошумчалады.

Цойдун сөзүнө караганда, ал 2016-жылдын апрелинде «Кербендин» директору болуп калган, ал эми үйдүн жашоочуларынын кол белгилери ага чейин топтолгон.

«Менде баары мыйзамдуу түрдө. Жашоочулардын макулдугу мен бул жерди алганга чейин алынган. Бирок үйдүн бир да жашоочусу мага кайрылып, кандайдыр бир нерсени сүйлөшүүгө келген эмес. Эгер зарыл болсо, мен баарын сотто чечкенге даярмын. Документтерибиздин баары жайында», — деп ишендирди Цой.