Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун музейи ачылды

Бишкектин борборунда актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун музейи ачылды. Музейде анын тасмалары, картиналары жана музыкалык аспаптары коюлат.

Мэриянын маданият башкармалыгы сүрөтчү жана актёр Сүймөнкул Чокморовдун музей-устакасынын ачылышы тууралуу 2017-жылдын 26-майында билдирди. Музей Токтогул жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Музейде сүрөтчүнүн айрым картиналары, ал тартылган киноленталардан кадрлар, музыкалык аспаптар, алган сыйлыктары менен белектери көргөзмөгө коюлду. Чокморовдун картиналарын Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинен да көрүүгө болот.

Чокморов «Караш-караш» жана «Кызыл алма» тасмаларындагы башкы ролду ойногон актёр катары таанымал, бирок ал атак-даңкка сүрөтчү катары жеткен.

Чокморов Чоң-Таш айылында 1939-жылы төрөлгөн. Кичинекейинде көп ооруп, убактысынын көбүн төшөктө өткөрүп, сүрөт тартып калган. Айыккандан кийин ал живопись менен олуттуу түрдө алектене баштаган.

Сүрөт академиясын Ленинградда аяктаган, 1964-жылдан тартып 1967-жылга чейин Фрунзе сүрөт окуу жайында живопистен сабак берген. Анын окуучулардын арасында алгачкы кыргыз сомунун дизайнын жасаган Дмитрий Лысогоров да бар.

Чокморов 400дөн ашуун картина тарткан, алардын көпчүлүгү — пейзаждар, натюрморттор жана портреттер. Айрым эмгектери азыркы күнгө чейин Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып келет.

60-жылдары сүрөтчү Чокморовду режиссёр Болот Шамшиев байкап калып, казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун «Караш-караш» повестинин негизинде тартылган тасмада Бахтыгулдун ролун аткарууга чакырган. Ошентип Чокморов кино дүйнөсүнө келип калган.

Чокморов 20дай тасмада роль жараткан — анын ичинде Айматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган «Жамиля», «Кызыл алма» жана «Эрте келген турналар» бар.

Актёр жана сүрөтчү 1992-жылдын 26-сентябрында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилген.

Сүрөт: Султан Досалиев


ТЕМА БОЮНЧА: