Индиянын машыктыруучусу: «Кыргызстанды утуп алуу оңойго турбайт»

Индиянын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Стивен Константин алдыда өтө турган Азия кубогунун квалификациялык баскычы тууралуу ой-пикирин билдирди.

Константин Индиянын First Post басылмасына маек куруп, Азия кубогунун финалына кол алдында тарбиялангандардын чыгышы тууралуу айтып берген. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын курамасына каршы оюнга да токтолгон.

Индия командасынын насаатчысы белгилегендей, Кыргызстанга каршы оюндун мааниси чоң болмокчу. Бул оюндардагы жеңиш командаларга ФИФАнын рейтингинде жогору көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берет жана курамаларга тайпалык оюндардан Азия кубогунун финалына суурулуп чыгыш үчүн үч упай алганга өбөлгө түзөт.

«Командага келүүдөн максатым дүйнөлүк рейтингдин мыкты жүздүгүнө кириш болгон, муну аткара алдым. Жаңы максатым — рекорддук 93-орунга көтөрүлүү. Бирок азыр Азия кубогуна квалификация алуу маанилүүрөөк болгондуктан Кыргызстанды утуп алыш керек, ал эми бул оюн жөнөкөй болбойт», — деди Константин.

Индиянын башкы машыктыруучусунун айтымында, Кыргызстан менен жолугушканга чейин текшерүү беттешин өткөрүшөт.

«Квалификациялык оюндардын алдында Непалга каршы текшерүү матчын өткөрөбүз. Башында күчтүүрөөк атаандаш менен жолугушууну пландап жаткам, мүмкүн болсо постсоветтик чөлкөмдөгү командалардын бири менен. Бирок Өзбекстан дүйнөлүк чемпионатка тандоо менен алек, ал эми Түркмөнстан өз талаасындагы беттешке даряданып жатат», — деп бөлүшө кеткен Индиянын машыктыруучусу.

Азия кубогунун квалификациялык баскычындагы тайпалык оюндар Индиянын Бангалор шаарында 13-июнда башталат. Жолугушуу алдында командалардын капчыгында үч упайдан болот.

Квалификациялык баскычтын биринчи оюнунда Кыргызстан Макаонун курамасын 1:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми ушундай эле эсеп менен Индия Мьянманын талаасында уткан.

Экинчи турда Индия менен Кыргызстандын курамалары маанилүү үч упай үчүн ойношот, бул болсо командалардын бирине A тайпасынан тандалып чыгууга жардам берет.

Сүрөт: Getty Images