Унаа токтотуучуну опузалаган айдоочуга 1000 сом штраф салынды

Милиция борбордук «Айчүрөк» дүкөнүнүн жанында унаа токтотуучуну опузалаган айдоочуга 1000 сом штраф салды. Айдоочу экинчи катарга автоунаасын коюп салып жол эрежесин бузган.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге «Айчүрөк» дүкөнүнүн жанында унаа токтотуучуну опузалаган айдоочунун өздүгү аныкталганын кабарлады.

Айдоочуга 1000 сом штраф салынды, анткени ал машинесин экинчи тилкеге калтырып кеткен.

Соода борборунун жанында автоунаа туура эмес коюлгандыктан тыгын келип чыкканы көрүнүп турган «Фэйсбуктагы» видеодон кийин милиция тартип бузган немени издей баштаган.

«Айчүрөк» дүкөнүнүн кызматкери эреже бузган неме прокуратурада иштейт деп болжогон, бирок ал жеке ишкер болуп чыкты.

Унаа токтотуучу эреже бузуучуга анын аракети жол кыймылын бузуп жатканын түшүндүрүүгө аракет кылып видеого тартып алган. Тигил болсо аны опузалап кирген.

«Эмне, башыңа мүшкүл тилеп атасыңбы? Сылаңкороз […] Эй, торпок, сен ушул жерде иштейсиңби? Ыя? Дүкөндө иштейсиңби? Иштен кийин күтүп тур, сени өзүм алып кетем», — деген ал.