Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы активисттен 5 млн сом талап кылып, сот аны четке какты

Президенттин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев активист Адил Турдукуловду 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген соттун чечимине даттанган. Ал өзүнүн доо арызы менен Турдукуловдон 5 млн сом өндүрүп алгысы келген, бирок сот анын арызын четке какты.

Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Турдукуловдон 50 миң сом алышы керек болгон Мамбеталиев бул суммага канааттанган эмес.

Ал Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, активисттен 5 млн сом талап кылган, бирок сот анын арызынан баш тарткан.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов Kloop.kgге курган маегинде мурдагы жан сакчынын арызын четке каккан соттун чечимине таң калганын айтты.

Активистдин оюнча, Мамбеталиев тарабынан суралган 5 млн сом негизсиз болчу, анткени экинчи тарап ишкердик беделине зыян келтирилгенине далилдерди көрсөткөн эмес.

«Алар сотто Мамбеталиев меценаттык менен алектенет деп айтышты, бирок анын кайсы булактардан кайрымдуулукка акча алышын бизге ачыкташкан жок», — деди Турдукулов.

Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылат — Турдукулов Мамбеталиевге 50 миң сом төлөп берип, «Фэйсбуктагы» материалын төгүнгө чыгарышы керек.

Активист Биринчи май райондук сотунун өкүмүн жакынкы аралыкта даттанмакчы.

Кадыр-баркты жана ар-намысты коргоо

Эркин Мамбеталиев «кадыр-баркты жана ар-намысты коргоо боюнча» оппозициячы Адил Турдукуловго каршы 2016-жылдын 21-ноябрында доо арыз берген.

Турдукулов өз жазууларынын биринде Мамбеталиевди «киши өлтүргүч» деп атаган, экинчисинде ал 2010-жылы «Атамбаевдин жардамы болмоюнча» түрмөдөн чыкмак эмес деп жазган.

Мамбеталиев жарык көргөн маалыматтар ага моралдык зыян келтирип, «кабатыр болуп, ачуум келип, уят болдум» деп эсептеген.

Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы

Мамбеталиев Алмазбек Атамбаевди 2005-жылга чейин коргоп жүргөн.

Президенттин мурдагы жан сакчысын кылмыш төбөлү Рысбек Акматбаев менен байланыштырып жүрүшөт.

Президенттин мурдагы жан сакчысы бир нече жолу, 2004-жылы, андан соң 2006-жылы кармалган. Эки кармалышы тең милициянын полковники Чыныбек Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу болгон. Кийинчерээк Мамбеталиев күнөөлүү деп табылып, өмүр бою камакка кесилген.

Бирок 2010-жылдагы революциядан кийин Мамбеталиевдин иши «жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча» кайрадан каралып, ал эркиндикке чыккан.