Депутаттар улутчул сөздөрү үчүн журналистти жарандыктан чыгарууну сунуш кылышты

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов журналист Улугбек Бабакуловду коомдук желелердеги улутчул сөздөрү үчүн жарандыктан чыгарууну сунуш кылды. Эл өкүлдөрү макаладагы «сарт» деген сөзгө кыжырданышып, укук коргоо органдарынан макалага баа берүүнү талап кылышты.

Депутат Айнуру Алтыбаева.

КСДПнын депутаты Айнуру Алтыбаева Бабакуловдун макаласына нааразы болгон. Макала «Фергана» маалымат агенттигинин сайтында «Адамдар айбан сыяктуу. Коомдук желелердин кыргыз сегментинде "сарттарды" жок кылууга чакырып жатышат» деген аталыш менен жарык көргөн.

«Мен Ош шаарында төрөлгөн адам катары ачуум келип атат. Ал жердеги бул сөз ["сарт"] кемсинтүүчү сөз, Ош окуяларында каза болгон балдардын энелери азырга чейин көз жашын тыя албай жүрүшөт. Өзгөчө июнь айынын башында болуп өткөн окуянын жылдыгында мындай макалаларды чыгаруу маскара кылгандыкка тете», — деп билдирди ал.

Социал-демократ Мурадыл Мадеминовдун оюнча, Бабакуловдун чуулгандуу макаласына коомчулук кол шилтеп койбой журналистти жарандыктан чыгарыш керек.

Депутат Мурадыл Мадеминов.

Депутаттар укук коргоо органдарынан бул макалага баа беришин талап кылышты.

Кыргызстандын башкы телеканалы болгон КТРК Бабакуловдун макаласы тууралуу сюжет чыгаргандан кийин ал коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган.

Тогуз мүнөттүк сюжетте журналист Улугбек Бабакулов «Ферганадагы» өз макаласы менен «улут аралык кастыкты козутуп жатат» деп баяндалган.

Бабакуловдун макаласы «Фергана» басылмасынын сайтына 23-майда чыккан. Макалада автор Кыргызстандын түштүгүндө болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы мушташ тууралуу сөз кылат.

Автор макаласында коомдук желелердеги ой-пикирлерди мисал келтирет. Анда ыктымал этникалык кыргыздар этникалык өзбектерди кемсинтет. Кемсинтүүгө ошол мушташ себеп болгон.

Милиция билдиргендей, мушташ улутчулдуктун негизинде эмес, эки жигиттин бир кызды сүйүп калганынан улам келип чыккан.

Бабакулов өз макаласында улуттар арасынды кастыкты козутуу максаты жок экенин, болгону интернет колдонуучулардын кыргыз сегментинде башка улуттарга кандай мамиледе болгонун көргөзүп жатканын белгилейт.